www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына чогулду. Жыйында депутат Шайлообек Атазов «Бакай Банктын» кызматкерлери 8-мартка карата уюштурган кечеси, мамлекеттик идеология тууралуу сөз кылды.
«Өкмөт башчы кардиналдуу өзгөртүүлөрдү кылам деген. Бирок ошол нерсе жок болуп жатат. Көпчүлүк министрлер иштебей жатат. Мамлекеттик идеология барбы? Себеби биздин Бакай атабыздын атын алып жүргөн «Бакай Банк» 8-мартка карата кыз-келиндерине Европадан эркектерди алып келип, белек кылып жатышат. Бул уят. Муну көзөмөлдөгөн министрликтер барбы?», - деди депутат.
Ал президенттин өкүлүнө дагы кайрылып, бейөкмөт уюмдар тууралуу айтып өттү.
«Россия былтыр 500дөн ашуун бейөкмөт уюмдарын жапкан. КМШ өлкөлөрүндө көпчүлүк учурда мамлекеттин идеологиясына, улуттун ар-намысына, динине, каада-салтына кол салган уюмдарды жабат. Биз дагы ушуларды текшеришибиз керек болуп жатат. Себеби булар гей-параддарды, ар түрдүү жүрүштөрдү өткөрүп жатышат. Мына ушулар мамлекеттин идеологиясын узурпация кылып жатат. Экстремизм деп айттыңыздар. Ушулар улуттун, мамлекеттин идеологиясына экстремисттик иштерди жүргүзүп жатышат», - деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg