www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кайрадан Баткен аркылуу Тажикстанга бензин ташыган коррупционерлер көбөйдү, деп билдирди бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө Шайлообек Атазов экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиевге суроо узатты.

Алиев: - Баткенде 26 май куюучу жай бар экен. Азыр баары тең иштебейт.

Атазов: - Интернетте кечээ төөлөргө окшоп катар тизилип алып кетип жатты. Баткендин эли ушуну токтоткула деп жатат. Бул жерде биздин төрагабыз Исхак Айтбаевич депутаттар айтып жатат, ушул Тажикстанга өтүп жатканды токтотуп тургула деп айтып жүргөн.

Алиев: - Мен дагы сиз менен толук кошулам. Салык инспекциясы тарабынан бардыгын жасадык...

Атазов: - Ушул төөгө окшоп ээрчишип бараткан «КАМАЗдар» канча салык төлөп жатат азыр Кыргызстанга?

Алиев: - Салык испекциясынын орун басары жооп берип койсун.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев: - Бир эле Арка айылында 26 май куюучу жай бар экен. Анын он төртүнө автоматташтырылган башкаруу системасы коюлган, коюлбагандары жабылган. 26 май куюучу жайдын 21и күйүп кеткен, калган бешөө иштебей турат.

Атазов: - Кыскача жооп бериңизчи. Тажикстанга бензин ташуу токтоп турабы азыркы учурда?

Дубанаев: - Салык кызматынын документтери менен баргандары май куюучу жайларга бара жатышкан.

Атазов: - Ооба же жок деп койсоңуз. Бүгүн Тажикстанга бензин өтүп жатабы?

Дубанаев: - Үчүнчү өлкөгө контрабанданын өтүшүн Салык кызматы карабайт да. Бажы кызматы карайт.

Атазов: - Билбейт экенсиз ээ. Ошол ташып жаткандар кимдер экен? Кыргызстандын өкүлдөрүбү же Афганистандан келип жатышабы?

Дубанаев: - Внутреннее перемещение бензовозов в рамках страны.

Атазов: - Кимдер ошол ээлери?

Дубанаев: - Биздин фирмалар.

Атазов: - Сиздин коллегаларыңыз деп койбойсузбу ачык эле?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости