www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги машыктыруучу, чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазов менен “Мекеним Кыргызстан” партиясына коюлган дооматтар боюнча азын оолак кеп курдук.
-Шайлообек мырза, генерал Өмүрбек Суваналиев бийликчил партиянын баарын Камчы Көлбаев калкалаарын айтып, “Мекеним Кыргызстан” партиясында дагы криминалдар жөнөткөн адамдар бар деген оюн кыйытты. Бул кепке ишенсек болобу?
-Акыркы күндөрү популисттер, сулуу сүйлөп, упай алам деген саясатта жолу болбой калгандар көбөйдү! Элге азыр сүйлөп эмес, өзүн иштеп көрсөтүүсү керек. Субаналиев башкаларга доомат койгондон мурун өзүнүн тарыхын караса жакшы болмок! Анын вагондор менен курал бизнес кылып кармалганын эл билет. Башкаларга доомат коёрдон мурун өзүнүн да башындагы чөптү карап койсо жакшы болот эле. Мамлекетке күйсө, эмнеге Коопсуздук кеңешинде орун басарлык кызматта олтурганда криминал менен күрөшкөн эмес! Чынында "Мекеним Кыргызтан" бирөөлөр доомат коюп, каралап жаткандай эмес, ишкер, жаратман, реформаторлордун партиясы.
Булак: NazarNews.kg