www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бокс боюнча дүйнө чемпиону, спорттун отличниги Шайлообек Атазов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына өлкөдөгү президенттин ишин артка тартып жаткан Сүмбүлдөр тууралуу пикирин жазып чыкты.
"Президенттин ишин кимдер артка тартууда?
1. Президент аппараттындагы Сүмбүлдөр!
2. Өкмөт башчы!
3. Өз ишин так билбеген министрлер!
4. Отуз жылдан бери акүйдү чон энесинен калгансып менчиктеп алган, кошоматчы чиновниктер, эки жүздүү саткындар! Канча президент келсе, баарын алдап өздөрүн жеке кызыкчылыгын гана ойлоп элди кордогон мите курттар, манкурттар, шылуундар!
Мына ушул 4 түрдүү инсандар бүгүн мамлекет башчысын ишин тормуздап турушат!
Бүгүн баары аппак, баары периштедей! Керек болсо, ыйык куран китепти кармап карганууга даяр! Уурдашканда "Кудай көрүп турат" деп коркпогон, бүгүн, куран китепти оңой эле уялбай кармай беришет! Аларды карап туруп, өзүң уялып кетесин!
Бул бир эле башталышы! Эгер 30 өкмөт башчыны бирден сураса кандай болмок? Эгер баары сүттөй аппак болсо, анда мамлекет 4,5 млрд сырткы карызга кантип батты? Кан соргуч экс-өкмөт башчылары, депутаттар уялбайсыңарбы!
Учурда президент апаратында кээ бири "күнүм өтсө болду" деген Сүмбүлдөр, манкурттар президенттин ишин артка тартбай отставкага кетбейсиңерби? Аллах жумуштан кеткендердин да ырыскысын берет. Сөзсүз эле ак үйдө олтуруп уурдашыңар керекпи?
Эл баарын билип, көрүп олтурат! Тилин тишине басып кой тарыхта биринчи жолу пешенеси саждага тийген, намаз окуган президент келди деп каталарды, интригаларды көрмөксөн болуп сабыр кылып олтурушат!
Отуз жылдан бери акүйдү менчиктеп, силер канча президенттин башын жеп, дагы деле суудан курук чыгып айдай болуп олтурасыңар! Качанга чейин эми? Түбөлүк бийликте калчуудай көздөрүн май басып, чындыкты айткандарды, жазгандарды тинтип башташты!
Президент жалгыз бир үч команда менен жылдар бою катып калган бузуку система менен күрөшүүдө! Өкмөт башчы "июнь айында пенсия бере албайбыз" деп айтып жүрөт! Бере албасанар да эмнеге айтып чыгасыңар? Элди президентке каршы кыжырын кайнатуу максатыңарбы? Министрлер эмне кылып олтурасыңар? Иштегиле же кеткиле? ӨЗҮ кыргыз элине мыкты ишин бизге билимдүү, мекенчил 40 депутат, 10 эле министр болсо жетмек! 120 депутат, аларга 240 жардамчы, айлык мындай ысырапкор мамлекет кайсы өлкөдө бар?
Кыскасы, же күйүп-жанып мамлекет үчүн иштегиле же президенттин ишин тормоздобой кеткиле! Бийлик аллахтан берилген АМАНАТ!", деп жазган Шайлообек Атазов.
Булак: NazarNews.kg