www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодогу бюллетендердин 20% жакыны кол менен саналып бүттү

Парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 18,36% кол менен саналып бүттү - бул 29-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык системасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 460ка жакынындагы бюллеттендер саналды. Ал эми электрондук үкөктөр 97% ашуун бюллетенди санап бүттү. 

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Болжол менен 40 мүнөттөн кийин кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп калган. 

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыян болбогонун билдирген. 

Жогорку Кеңештин шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык босогодон өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат. 

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости