www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча үгүт иштеринин башталганына бир жума болду. Квартальныйды аңдыгандар жана анын үйүнүн жанында котологон эркектердин саны арбын. А берирээк жагында кошуна аялдар өздөрүнчө саясат жүргүзүп жатат.
Инаят деген кошуна келин укмуш. Көзү ачыктай эле кээ бир нерселерди айтып коёт. Түшүнө аян береби деп да кетем. Шаардык кеңешке шайлоодо ар бир үйгө кирип “тиги баланча сом таркатып атат, бул түкүнчө эле берем” деп кошуналардын баштарын далайга ооруткан. Ошо Инаят деген келин бу жолу да квартальныйдын үйүнө кирип кеткенине жарым саат болуптур. Чыкса баарын божураса керек.
Күтүп атышат. Чыдамы кеткендер үйлөрүн көздөй бет урду. Жалаң ушакчылар калышты. Арасынан бирөө суурулуп чыгып, мени көздөй келатат. Билмексенге салып үйүмө кирип кеткенге үлгүрбөдүм. Допусун чокусуна кондуруп алган Исмат кошунам капталдагы чөнтөгүнөн насвайын алып чыгып, алаканга чактап туруп ээгине ыргытты да кеп баштады, “Эу кошуна, бу жолу да шайлоонун пачагы чыгат окшоп калды.
Элдин аң-сезими бовой калыптыр. Талапкерлер жөнүндө бир да сөз кылбай эле акча жөнүндө капирип атышат” деди. “А сенчи?” десем, “мага да акча керек, бүт баары кымбат. Кечээги алган 6 миң сом пенсиямдын 4 миң сомуна продукту алдым. Жакында светтики чыгып келет. Ошого калтырдым. Россиядагы балам эки ай болду пул сала элек, иши бовой аткан имиш. Ортончу кызымдын контрагы бар.
Эң кичинемдин мектептеги маалимдери акча сурап тажатышты. Быйыл кыш катуу болот окшойт. Элдин баары көмүр алып атат. Мен а жөнүндө ойлоно элекмин” деди да төбөсүндөгү допусун колуна эки бүктөй салып, тиги аялдарды көздөй бет алды.
Булак: Азия News гезити