www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Добуш берген күндүн эртеси митингге чыккандар бийликке берген 2 күндүк мөөнөт кечээ күнү аяктады. Айрымдар – жаңы шайлоо өткөрүш керек деген да талап койгон жана эмгиче ошентип айтууда. Ушундай болот деп күтүтүлгөндөй эле, добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы – автоматтык кутулар чыгарган корутундуга дээрлик дал келип баратат – болгону мурдагы 6 партияга эми бир жаштар партиясы гана кошулушу мүмкүн.
Советтик мезгилден бери дайым болуп келгендей эле, бийлик эмне кылса дагы – баары сонун, баары туура. Административдик ресурс дагы колдонулган эмес, БШКнын сайтынын бузулганы дагы жыйынтыкка таасир бербеген, шайлоо протоколдорун дагы эч ким кайра жазган эмес – ал жөн эле кошумча кагаздар болчу.
Ошондуктан, коом менен оппозиция канчалык нааразы болсо дагы, кандай мыйзам бузууларды ашкерелесе дагы, канча революция кылса дагы – баары сонун, баары туура, баары ойдогудай.