www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-февралда, Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда эл өкүлү Шаирбек Ташиев муниципалдык эмес мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары боюнча маселе көтөрдү.
«Баарыбыз билгендей, муниципалдык эмес кызматкерлерге тазалык жумушчулары, айдоочулар кирет. Аларга үстөк акы төлөп берүү маселесин айылдык жана шаардык кеңештер чече алаарына карабай, атайын токтомдо көрсөтүлбөгөндүктөн төлөнбөй келет.
Эгер төлөп койсо, Эсеп палатасы текшерип, каражатты максатсыз пайдаланган деген жүйө менен көйгөй жаратат. Андыктан 2008-жылы чыккан 22-токтомду өзгөртүп, жергиликтүү кеңештер мүмкүнчүлүгүнө жараша үстөк акы чегере алаары боюнча түзөтүү киргизүү керек. Жумушчуларды кармап калуу үчүн ушундай чечим кабыл алуу шарт», – деп билдирди.
Ошондой эле, депутат алардын айлык акысы 5 миң сомдун гана тегерегинде экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg