www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук Академиялык драма театрынын фойесинде жаш айкелчи Тамила Маматованын Таттыбүбү Турсунбаевага арнап жасаган бюсту орнотулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, учурда Маданият министрлиги менен айкелчи Тамила Маматованын ортосунда укуктук документтер даярдалып жатат. Көрүүчүлөр бюстту Т. Абдумомунов атындагы Академиялык драма театрында оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң күбө боло алат.

Эске салсак, маданият министри Азамат Жаманкулов Тамила Маматованын өнөрканасында болуп, аталган бюсттун жаңы башталып жатканына күбө болгон. Ал эми бюсттун театрга орнотуу демилгесин Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов көтөрүп, министр аны колдоого алган.

Азамат Жаманкулов шаар ичинде жана коомдук жайларда типтүү окшош эстеликтерди гана жасоо менен эле эмес, келечекте айкелчилер креативдүү айкелдерди жасоону колго алып, эл кызыгып, коомчулукту өзүнө тарткан маданий көңүл ачуучу аянтчалар көп болсо деген пикирин билдирип, келечекте шаардын башка бөлүктөрүнө да орнотуу колго алынат деп ишенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости