www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы сот "Крым.Реалии" сайтынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону алты жылга эркинен ажыратты. Орусиянын атайын кызматтары аны "жардыруучу зат жасаган жана сактап жүргөн" деп айыптаган.

Орусия жана Украинанын жараны Владислав Есипенко 2021-жылы мартта украин атайын кызматтарынын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен Крымда кармалган. ФСБ шектүүнүн автоунаасынан "жардыргыч затка окшош" буюм табылганын жана ал күнөөнү моюнуна алганын жарыялаган.

Есипенкого көз карандысыз адвокаттар бир айга жакын убакыт киргизилген эмес. Ал алгач күнөөсүн моюнуна алып, бирок кийин андан баш тарткан. Айыпталуучу керектүү көрсөтмө алуу үчүн аны кыйноого алышканын, кармоо учурунда жанына граната салып коюшканын билдирген.

Анда "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флай "Кремль аннексияланган Крымдагы альтернативдүү булактарды коркутуп, куугунтуктап жаткан маалда Есипенконун кармалышы терең кабатырлануу жаратат. Ал тезинен бошотулушу керек", - деген билдирүү тараткан.

Журналистти эркиндикке чыгарууну АКШнын бийлиги жана укук коргоочулар да талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости