www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапаров сөөмөйүн кесеп айыл чарба министри Жаныбековду, «Айыл банк» менен «РСК банктын» жетекчилерин жоготууга камына баштады. СССР убагында ар бир республиканын балансында 5,5 миң гектар жер ээлеген бирден МИС болгон. Бул МИСке карата 309 токтом боюнча чара көрүш керектигин парламентте каңкуулашты. МИСтин 100 гектар жеринде буудай, арпа, жүгөрү айдала турган. Бул жерлерди Жапаров деген фермер ээлеп алганын көпчүлүк эл билбесе керек. Азыр тарап кеткен дыйкан чарбаларын кооперативге бириктирип жатканда МИСтин тагдыры эмне болот? Мындай тике айтылып жаткан суроодон минкаб Жапаров буйтап кетти. Ал МИСтин жери жок деп шылтоолоп, МИСте үрөн чарбачылыгы бар экенин, бирок эл үчүн канча аянтка үрөн айдаларын билбестигин мойнуна алды.
Жайкысын кескин кымбаттоо болду, мисалы сабиздин килосу көз ачып жумгуча 100 сомго чыгып кеткен, бир түк чөп 500 сомго чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, быйылкы жылы буудай жана дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылдагыга караганда 35%га аз болду. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирген. Анын айтымында, жүгөрүнүн дагы түшүмдүүлүгү 10-15%га аз болуп, бул тоютка дагы таасирин тийгизди. Бул жылы вегетация учурунда жаан-чачынга байланыштуу көйгөйлөр көп болду, Чүй облусунда жаан-чачын жылдык орточо көрсөткүчтөн төмөн болду. Ошондой вегетациянын башталышында сугат суу дагы аз болду. Бирок, жалпысынан ала турган болсок, азыр абал сугат суу менен камсыздоо жагынан да кыйын болгон 2014-жылдагыдан да начар болду. Тоюттун бардык түрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салынып жатканын жана сырттан алып келинип жаткан тоюттун бардык түрүнө кошумча нарк салыгы алынып салынган.
Айыл чарба министри менен Антимонополияга каршы комитет баанын өсүшүн тыя албаса, анда баанын өсүшүн ким тыят? Өзбекстандын базарларына малды чыгарар замат эт кымбаттады. Өзбекстан менен Казакстан жардам катары миңдеген тонна азык-түлүк, ун жана башкаларды берип жатат. Бааны жөндөбө калайык-калкка кыйынчылык туулганы турат.
Азык-түлүккө болгон баанын күн санап кымбаттап баратышына министрдин тийешеси сөз жок бар.Айыл чарбасын алкымдоого 10 депутат шымаланып киришти:
Комитет жетекчиси Аманкан Кенжебаев (Сокулук округу), анын орун басарлары Миргул Темирбаева («Ишеним») менен Кыдыкбаев Жаныбек («Ата-Журт Кыргызстан»).
Комитетте кимдер бар:
- Султанбай Айжигитов (Ыйман Нуру);
- Нурбек Алимбеков (Төлөйкөн округу);
- Нилуфар Алимжанова (Альянс);
- Эмилбек Жусупов (Ишеним);
- Жалолидин Нурбаев (Араван округу);
- Медербек Саккараев (Кемин округу);
Совет учурунда айыл чарба министри азык-түлүккө болгон баанын кымбаттоосу үчүн кызматынан шыпырылып түшмөк. Эми болсо мен эмнени билет элем деп ийнин куушуруп кетиши мүмкүн. Бирок айыл чарба министри менен Антимонополияга каршы комитет баанын өсүшүн тыя албаса, анда баанын өсүшүн ким тыят? Өзбекстандын базарларына малды чыгарар замат эт кымбаттады. Өзбекстан менен Казакстан жардам катары миңдеген тонна азык-түлүк, ун жана башкаларды берип жатат. Бааны жөндөбө калайык-калкка кыйынчылык туулганы турат.
Айыл чарба министрлигин кимдер жетектеген:
Жумгалбек Аманбаев (айыл чарбасы боюнча вице-премьер), Бекболот Талгарбеков (айыл чарбасы боюнча вице-премьер, айыл чарба министри), Асанов Карыпбек, Эмил Узакбаев, Турдуназир Бекбоев, Нурбек Мурашев, Чодуев Эркинбек, Тилек Токтогазиев, Аскар Жаныбеков.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg