www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычында суу тартылган сайын суунун алдында калган айыл-кыштактар көрүнө баштады деген кеп бар. Көл алдында эл жашаган жер калып, кээ бирлер ата-бабалардын арбагын көрүстөндөн казып алып, керектүү оокаттарын алышып өйдөлөп кетсе, кээ бир сөөктөр, үйлөр, оокаттар көл алдында калган. Кыргызстанда арбак-шаарлар барбы? Москванын камсыздандыруусу менен бир кезде жашоонун эң жакшы жетишкендиктерине жетишкен шаарлар, шаар тибиндеги поселоктор Сүлүктү шаарынын, Кажы-Сай, Миң-Куштун бүгүнкү ал-ахыбалдары кандай?

Дадлитаун (АКШ, Коннектикут)

Калың токой менен курчалган бул шаар туристтерди өзүнө тартканы менен жакын арадагы айылдардын жүрөгүнүн үшүн алып келе жатат. Бул шаарда мурун эл жашаган, бирок жашоочулары дайыма оор кырсыктарга кабыла турган.

Бир фермердин айтуусунда караңгы кирер менен бул шаар шайтан-шабырдын уюгуна айланат, бир ирет ал жалаңкыч –монстр кантип кол салганынын күбөсү болгон. Свифт деген генералдын жубайы чагылгандан каза болгон, ал эми өзүн жин-шайтан азгырып мээ кайкы болуп жин оорулуу калган. Бул шаарда бир үй-бүлө толугу менен жин-шайтандардын торуна илингени жок эмес. Джондун аялы кырсыктап өлгөн соң, кыздары токойго барышып дайын-оту менен жок болушкан, ушундан соң үйү күлгө айланып күйүп кеткен. Үйүндө күйүп кеткен Джондун денеси табылбай көздөн кайым болгон.

Азыр Дадлитаун – «арбак-шаар» ошону менен бирге өздөрүнүн нервдерин сынагысы келгендер үчүн көңүл ача турган жай. Шайтан-шабырдын уюгуна айланган шаардын тарыхын королдун бийлигин алмаштыруу үчүн күрөшкөн герцог Эдмунд Дадли менен байланыштырат. Ал ушул жерде өлтүрүлгөн.

Боди (АКШ, Калифорния)

Азыр Боди – туристтерди кызыктырган «арбак-шаар». Шахтада каза болгон 3-жашар баланын периште түрүндө эстелиги бар. Бул наристе баланын арбагы кээде чыгып, туристтердин балдары менен ойнойт дешет.

Тарыхына кылчайалы: 1859 жылы Уильям.С. Боди Сьерра-Невада тоолорунда алтындын кенин табат. Өзү өздөштүрүүгө жетишпей, бороондо тоңуп өлөт, бирок сырын жанындагыларга ачып кетет. Тез эле анын наамындагы шаар кендин айланасында пайда болот. Андан кийин бул жерде дагы кендер табылып шаар дүркүрөп өсөт. Бул шаар кылмыштын чордонуна айланып, уурдап-тоноонун очогуна айланат. Бул шаарга бара тургандар: «Кош бол, жашоо, биз Бодиге барабыз» - деп дуба кылчу экен.

Шаарда турмуш кайнап, 65 салун же америкалык бар, казино ойной турган жайлар, притон, барделдерге темир жол аркылуу ичкиликтер ташылып турчу. Кийинчерек алтын да түгөнүп, эли самсып көчүп кете баштады. Бир ирет шаардын чоң бөлүгү өрткө кабылды. Коркунуч туудурган өлүмдөн соң бул жакта киши деле калбай калды.

Централия (АКШ, Пенсильвания)

Пенсильвания штатында шахтерлордун шаарчасы бар, бул жерде көмүр көп болгондуктан «Locust Mountin Coal and Iron Company» көмүр компаниясын курууга бел байлашат. Алардын тилеги ишке ашып шаар гүлдөй баштайт.

Бирок, 1868 жылы Централияны долбоорлоп жаткан инженер Александр Реа белгисиз адамдардын колунан көз жумат. Александр Реа өлүп баратып, анын өлүмүнө себепкер болгон шаардыктарды: «Бардыгыңар тең күйүп өлгүлө» - деп каргап кеткен. Бул каргыш жүз жыл өткөн соң ишке ашат. 1962-жылы майда Шаардык Кеңеш таштандыларды тазалоо үчүн өрт өчүргүчтөрдү чакырат. Алар таштандыларды өрттөп, чала өчүрүп кете беришет. Таштандыдан калган чоктор күйүп отуруп, жер алдындагы шахталарга жабышат. Бир саат өтпөй шаардын алдындагы көмүр кени күйө баштайт. Шаар түтөп күйө баштайт, шаардын жашоочулары башка шаарга көчүп кетишет, бирок шаар мэри, чиркөө кызматкери жана башкалар кала беришет.

Блаффтон (АКШ, Техас)

2011-жылы катуу кургакчылыктан соң Техас штатындагы кээ бир көлдөр соолуп калды. Кызыгы ошол соолуп калган жерлерде мурун шаар эсептелген эски үйлөрдүн элеси ачылды. Бул шаарлар кайсы бир кезде чөгүп кеткен. Ушулардын көзгө көрүнөөрлүгү Блаффтон шаары,1940 жылы чөгүп кеткен. Анын жанында жаңы Блаффтон шаары өсүп чыккан.

Молога (Орусия)

Рыбинск менен катарлаш бул шаарды орус Атлантидасы дешет. 1935-жылы жаңы ГЭС курулуп, бул шаар суу алдында калган. Суунун үстүнөн шаардын чиркөөлөрү, үйлөрү даана көрүнүп турат.

Сан-Жи (Тайвань)

Бул шаарды куруп жатканда эле куруучулар кырсыкка учурай баштаган. Бул шаар курулуп бүткөн соң эч бир үй сатып алынбай курорттук аймакка айлантышат. Туристтер келбей коюшуп ээн калган. Өкмөт тарабынан курулган үйлөрдү бузууга жасаган майнаптар ишке ашпайт. Бул шаардан коркушуп бомждар да келбей коюшат.

Крако (Италия)

1963-жылы катуу жер титирөөдөн соң бул шаар арбак-шаарга айланат. Бул шаарды калкы таштап кошуна айылдарга көчүп кетишкен. Бирок бул шаар туристтердин мекенине айланган.

Мемфис (Мисир)

Байыркы доордо Мисирдин борбору эсептелген Мемфис Каирден 19 км түштүк тарапта турат. Бир нече миңдеген жылдар Мемфис Африка менен Азиянын маданий, административдик жана соода жайына айланган. Александриянын пайда болушу менен Мемфис өз кадырын жоготот. Азыр Мемфис ачык асман алдында музей шаар.

Фамагуста (Кипр)

Түркия менен Грециянын ортосунда болгон кандуу салгылашуулардан соң гүлдөп турган шаар таланып-тонолуп урандыга айланган. Бул жердеги мамлекеттер бири-бирине ыраа көрүшпөй, бул шаар экөөнө тең тийешеси жок, бирок туристтерди өзүнө тартып турат.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости