www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телевидение артка жылып, социалдык тармактар, интернет булактары алдыга чыга баштады. Бул тууралуу журналист, ЭлТРдин экс-директору Шайырбек Абдрахман билдирди.

Анын айтымында, эл маалыматты алуунун жаңы форматына чыгып кетти. Ал эми журналисттердин аны байкабай калган учурлары бар.

Социалдык тармактар, интернет булактары алдыга чыга баштагандыктан, талапкерлердин дебаттарын жеке жактар аркылуу чыгарууга мезгил жетти. Бул багытта БШК жеке жактарды да каттоого алып, кызматташууга өтүшү керек.

Ал эми журналист, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулунун пикиринде, КТРК теледебаттарды сапаттуу деңгээлде алып барса да, сынга кабылмак. Анткени КТРК мамлекеттен каржылангандыктан, өкмөт, органдар көзөмөлдөйт деген имиджи өзгөрбөйт.

Сынды азайтуу үчүн дебаттын алып баруучулары КТРКнын журналисттери болбошу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости