www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-сентябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана алардын резервин түзүү жана жүргүзүү тартибине байланыштуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөргө ылайык, талапкерлерден маалыматтарды кабыл алуу форматы жөнөкөйлөштүрүлүп, бирдиктүү тартипке келтирилди. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн калыстыгын, көз карандысыздыгын жана саясий бейтараптуулугун камсыз кылууга багытталган тиешелүү формалар бекитилди.
Мындан тышкары, документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу максатында айрым практикалык талаптар такталып, ашыкча документтештирүү кыскартылды.
Ошондой эле шайлоо комиссияларынын сандык курамы такталып, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирилди.