www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Долбоорго ылайык, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн күрөө 300 миң сомдон 150 миң сомго, шайлоо фондунун чеги 20 млн сомдон 10 млн сомго чейин кыскартылат. Ошондой эле үгүтчүлөр бир гана талапкерге же партияга иштеши керек деген талап киргизилип, талапкердин акыркы беш жыл Кыргызстанда жашаган болушу тууралуу ченемди алып салуу сунушталууда. Теледебаттарга негизсиз катышпай койгон талапкерлердин жоопкерчилигин кароо да каралган.

Эске салсак, 2025-жылы кабыл алынган жаңы мыйзам менен талапкерлердин жана партиялардын күрөө суммасы жана шайлоо фонддору көбөйтүлгөн. Ошондой эле айрым талапкерлер акыркы беш жыл өлкөдө туруктуу жашабаганы үчүн каттоодон өткөрүлбөй калган.

Последние новости