www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратканын соттун маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, буга чейин БШКга 2022-жылы Свердлов шайлоо округунан депутат болом деген Абдурахманджи Муртазалиев Атазовду депутаттык мандатынан ажыратууну суранып кайрылган.
"Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын канаттандырбай койгондуктан Муртазалиев Административдик сотко арыз жазган. Жыйынтыгында сот БШКнын чечимин жокко чыгарып, арыз ээси Абдурахманджи Муртазалиевди Свердлов районунан депутат деп тандоого милдеттендирди", — деп жазылат соттун маалыматында.
Эске салсак, Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон. Тагыраагы, депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген. Ушу тапта Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатат.
Булак: NazarNews.kg