www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элимдин алдында ак кызмат кылайын деген максатта иштеп жатам», - деди бүгүн, 13-июнда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов.
- Саламатсызбы, Шайлообек мырза! Эмнегедир сиздин мандатыңызды артка кайтарып алабыз дегендер пайда боло баштады...
- Мен шайланып, 6-апрелде ант берген күндөн тартып, ар апта сайын Свердлов районун аралап, эл менен жолугуп маселелерди жеринен чечип жүрөм.
Мыкты мыйзам долбоорлорун жазып жатам. Көп маселелерде ачык айтып, ак сүйлөп, өз позициямды билдирип жатам. Ошон үчүнбү айтор ар түрдүү шантаж, көралбастык иштери болуп жатат. Бирок, менин аларга көңүл бурганга убактым жок. Элимдин алдында ак кызмат кылайын деген максатта иштеп жатам.
Эске салсак, депутат Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы отурумунда 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган.
Социалдык тармакта эл өкүлүнүн бул демилгесин «аялдардын укугун чектөө» деп сындашты.
Ал эми расмий маалыматка таянсак, учурда Орусияда эле бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.
Булак: NazarNews.kg