www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Профсоюздар федерациясынын жетекчилери эс алууга жолдомолорду сатууда коррупциялык схеманы уюштурушкан. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Анын айтымында, алар тигил же бул уюмдун мүчөлөрүн жасалма түрдө көбөйтүп, өлгөн жандарга жолдомо сатышкан.
«Мисалы, токой чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 1,5 миң мүчөсү болсо, алар 17 миң 805 адамга жасалма документ жасап, аларга жолдомо алышкан», — дейт Шайлообек Атазов.
Профсоюздук органдардын ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссия да объектилерди арзандатылган баада сатуунун бетин ачты.
Шайлообек Атазов Ысык-Көлдөгү пансионаттын 3,7 гектар жери 300 миң сомго сатылганын билдирди.
«Алмашкыс жетекчилер бар. Алар 20-30 жыл иштеп, профсоюздук мүчөлүк акыларды өз каалоосу менен башкарып, анын ичинде өздөрүнө 495 миң сомго чейин маяна дайындашат», — деди ал.