www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Шайлообек мырза, бүгүнкү кеңешмеде элди тоногон алдамчылар тууралуу маселе көтөрдүңүз. Ал боюнча сизде конкреттүү фактылар барбы?
-- Бүгүнкү күндө өлкөбүздө элди тонгон топтор пайда болду. Каржылык пирамидалар алдамчылык аркылуу түзүлүп жатат. Ар түрдүү жолдор менен элдин акчасын алдап алып жатышат. Бир эже миллион сом төгүптүр. Дагы бирөө беш миллион. Иштерин карайын десең, алардын үстүнөн “крыша” болгон органдын адамдары бар болуп чыгат.
“Акчаларыбызды тоноп алды” деп Жогорку Кеңешке чейин келип, митингге чыгып атышат. Сузак районунда 900 миң долларлык завод салган инвестордун бизнесин рейдерлер тартып алган. Ал арызданса прокуратура бут тосуп, ишин жылдырбай жатат. Дагы бир ишкер жигит “110 миң долларымды алып, бербей жатат, арыз жазсам, иш жаңы башталганда прокуратура токтотуп койду” деп мага кайрылды. Дагы бир Жаныбек аттуу жигит “жеримди 24 миң долларга алгам, документин берерде прокуратура ишти токтотуп салды” дейт.
Бир кесиптешим айтып чыкты, “кылмыш ишин бир беренеден экинчи беренеге которуш үчүн 10 миң доллар алышат” деп. Биз аны көрүп туруп, унчукпай койгонубуз акыйкатсыздык болуп калат. Айрыкча эл өкүлдөрү.
Прокуратура, милиция органдарынын ишине баа беришибиз керек. Эмне үчүн элди тоногондорду “крышевать” этишет? Алдамчылардын бири өзүбүздүн эле депутаттардын биринин бөлөсү экен. Бул нааразылыкты пайда кылат. Ал эми нааразылык күчөсө, мамлекетте туруктуулук бузулат.
-- Сизден кийин да бир депутат ушул боюнча маселе көтөрдү. Эми кандай чечимге келдиңиздер, прокуратуранын өкүлдөрүн чакырып угасыздарбы?
-- Регламент боюнча сунуштар кабыл алынсын деп бекитилди. Эгер регламентке туура келсе, укук коргоо органдары маалымат берүүгө тийиш. Болбосо кийинки аптада жалпы өкмөт курамы келет, ошондо дагы маселе көтөрөбүз.
Кээ бирөөлөр “булар бир жолу маселе көтөрүп эле калып кетишет” деп ойлоп атышса керек. Биз керек болсо айлап, жылдап айтып турабыз. Себеби, биз мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн органбыз. Бизге акыйкат, элдин бакубат жашоосу, гүлдөп өнүккөн мамлекет керек!
Булак: Азия News гезити