www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекетти тоногондорду кайра бийликке жакындатпаш керек. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Кыргызстанда Ширшовдун «кошелегуна» айланган «фигураларды» бийликке жакындатпаш керек. Мына, Теңиз Бөлтүрүк камалды. Эми бийлик тазаланышы керек. Люстрация мыйзамын кайра киргизсек туура болот. Мамлекетти тоноп, бүлүндүргөн, элдин эсебинен байыгандарды бийликке кайра алып келүү ооруга айланып калбаш керек», - деди Атазов.
Эске салсак, кечээ, 13-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр голд компани» компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү кармаган.
Бөлтүрүк менен кошо компаниянын жабдуу боюнча адиси Ж.А.Ф. жана каржы башкармалыгынын директору Т. Р. Кармалган.
Булак: NazarNews.kg