www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Манас” бүткөндөн кийин Жантөшевдин “Каныбегин” окуп жүрдүм. Каныбек укмуш! Түшүмдө Каныбекке айланып алып, Айдарбек датка менен Зуннахунду аябай тепкилеп, ургум келет. Каныбек сагынгандай Анарханды мен да сагынам, алтургай аны Каныбектен да кызганам. Менин да Анарханым болсо деп тилейм. Мектептеги жакшы көргөн кыздарымды Анарханга салыштырам.
Кийин Айтматовдун “Обонун” окуп алып жаман болгом. Кара жамгыр төгө берип басылбай, анан ал акырындап ак жаанга айланып, жумалап жаап токтогондон кийин биздин сайдын суусу далайга дейре тунбай, кирдеп агар эле. Так ошондой мен да кирдеп, жан дүйнөм бороондоп, Даниярдын Жамиланы алып кетип калганы менин жүрөгүмдү да кошо ала кеткенсип, көпкө дейре көңүлүм ачылбай, куса болуп жүрүп араң тунар элем.
Ошентип биз сабатсыз кемпир-чалдарга китеп окуп берчүбүз. Ошол кездеги чалдарга китеп окуп берген балдар бүгүн өзүбүз чал болдук. Бүгүн, тескерисинче, бизде кемпир-чалдар сабаттуу, балдар сабатсыз болуп калды. Китеп окубаган доор келди. Китеп окубаган доор менен китеп окубаган муун келди. Китеп окуган доор эми кайрылып келеби, же ушул бойдон биротоло жок болобу, айтыш кыйын. Келбей да калышы мүмкүн.
Жашоо түбөлүктүү болгон менен өмүр убактылуу. Бирок биздин ата-бабалар убактылуу өмүрдү түбөлүктүү жашоого айлантып жашап өткөн. Биз антпей жашап калдык. Бизде бүгун баары убактылуу жашап аткансып сезилет. Президент да, өкмөт да, парламент да, карапайым кишилер да.
Балдар көз ачып-жумгуча бай болгусу келет. Кыздар көз ачып-жумгуча бай болгусу келет. Баары жыргалга көз ачып-жумганча жеткиси келет. Жыргагандын баары эле турмуш болбосун, “жылт” эткендин баары эле жылдыз болбосун биле беришпнйт. Бакытка жетиш үчүн баткакты кечүү керектигин, Дөөлөт деген Мээнет менен келерин, Мээнет менен келген Дөөлөт жугумдуу болорун, Бейишке барчу жол бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да Тозок аркылуу өтөрүн, өмүр бою мээнет тарткан адам, балким, өмүрунун акыркы бир күнүн дөөлөт менен жашап өтсө, ошол БИР КҮН, ага чейин тарткан бардык тозогунун МИН КҮНҮНӨН артык болорун жаштар ойлойт болду бекен?
Математика сабагы мектепти бүтөр-бүткөнүмчө сазайымды жакшы эле берди. Анын үстунө кыздарга кат жаза баштагандан тартып такыр эле келесоо болуп калдым. Эсеп сабагынан “нөл” экеним алтургай мугалимди кудайындай сыйлаган, сабаты жок энеме чейин жетти. Айласы кеткен энем, кайдан-жайдан тапканын билбейм, жөө кемпир тургай мал издеген атчан кишиге да оңой менен табыла койбогон Үсөн жиндини таап келди.
Үсөн үстүндө үйү, кашында карыган энеси бар экенине карабай качып-безип, айылга жолобой талаалап, ээсиз там-ташка, күмбөз-коргондорго түнөп, азып-тозуп кеткен, жайдыр-кыштыр шырымал шым кийип, заарасы токтобой дайыма “ичине” кое бергендиктен жанына жолой электеле заар уруп турган, болпойгон бети калың, кара жоон киши болчу. Каяктан тапканын билбейм, энем ошол Үсөндү үйгө ээричтип келди. Тепкедей жаман үйдүн ичи киши туралгыс болуп заматта заарга толуп чыкты.
-Жийиркинбе, кудайга күнөөкөр болосуң, олтур!-деп энем кулагыма шыбырап, жыйрылып, итейип, бырышып-тырышканыма карабай, жеңимден сүйрөп келип, Үсөндүн жанына нукуп олтургузду.
-Шашпа, кагылайын Үсөн, чай коеюн, дайыма талаа-түздө жүрүп курсагың ачкандыр, чай кайнаганча мына бул жаман иниңдин башы жетпей койгон эсебин чыгарып олтур? - деди.
Жиндиге ини кылып салган энеме ого бетер жиним келип, эшейип эсеп дептеримди сундум. Үсөн сүйлөбөйт экен. Сүйлөбөй туруп эле эсебимди заматта чыгарып салды. Кеткенден кийин китептин артындагы жообу менен салыштырсам тупатуура экен. Энем чоң чыныга нандан толтура чылып, кумшекер салып, сары май кошуп, Үсөндүн алдына койду. Кетип баратканда койнуна бир көмөчтан нан салып:
Үсөн кагылайын, талаа-түздө жүрөсүң, эртели-кеч курсагың ачканда тартынбайле үйгө келип чай ичип алып жүр? - деп узатты.
Ошол Үсөн бир күнү эле жок болуп кетти. Мал-салын көздөп, жок издеп келгендер талаадагы эски коргондор, сарайлар менен мүрзөлөрдөн анын көрүнбөгөнүн айтышты. Өлүп калбасын дешип, ит-куштун жүргөн жерин да чалып көрүштү эле өлүгү да чыккан жок.
Көрсө, жогор жактан: “Айылдарды жиндилерден тазалагыла” деген буйрук келип, энеси чыркырап ыйлаганына болбой Үсөн кургурду Чым-Корогондогу жиндиканага алып кетиптир”--деп айткандарын угуп калдык.
Эч кимге пайдасы жок, ошол эле убакта эч кимге зыяны да жок, ыргытып ийсекпи деп көз кыйбай, күнүгө кетип баратканда же келетканда такай көзгө урунуп тамдын бурчунда жатчу тааныш буюмубуздан ажырагансып, көпкө дейре коңултактап, көпкө дейре көналбай жүрүп көндүк. Жиндиси жок айыл да жаман экен, бир нерсебиз толук болбогонсуп, бүт айлыбыз менен кадимкидей кемип, кадимкидей бөксөрө түштүк. Айылдын үстүндөгү эски корогондор менен мүрзөлөр Үсөнү жок жетим калгандай томсоруп, ээнсиреди.
Эсеп чыгаралбаган мага эки эсе жаман болду.
Райборбордун өзундө Обуке деген жинди өттү. Азыр ойлосом, ошол жинди Обуке бул дүйнөгө акча-тыйын менен кошо келген ач көздуктөн, арам оокаттын каргышынан элди сактап калыш үчүн атайылап Алла Тааладан жиберилген жан болгон окшобойбу деп ойлой берчү болдум.
Жинди Айша качан болсо ашканадан бекер тамак, бекер вино ичип, Ат-Башы менен Нарынга бекер каттап, “жиндилик кесибин” кылып жүрүп өмүрдөн өтүп кетти.
“Жинди Айша убагында ай десе-аркы жок, күн десе-көркү жок укмуш сулуу келин болгон экен, аны ушинтип райкомдор жинди кылып салыптыр”-деп айтышчу.
Райкомдор убагында кимдерди гана жинди кылган жок.
Баш-Кайыңдыдан чыккан Кеңеш жинди деген аялды Ача-Кайыңды менен Ат-Башынын жолунан көп көрдүм.
Терек-Суулук жиндини редакцияда иштеп жүрүп чөпкө барганда көрдүм.
Университетти бүтүп барып Нарында иштеп жүргөнумдө Абдыракман атаныкында жашап жүрүп, ал кишинин бир тууганы Шамырай эжени көрдүм. Шамырай эже да жинди болчу.
Алар бул жалган дүйнөдө эч кимге зыяны жок Кудайдын жиндилери эле. Ал кезде “жиндикана” бар экенин көрмөк тургай, уккан да эмеспиз, кийин “Чым-Коргонду” укканда да, ал деген айыл эмес, “жиндилердин жашаган жайы” болсо керек деп ойлоп, Акбар Рыскулов деген акын чым-корогондук болот дегенди укканда “жиндилерди” баккан айылдан да акын чыгат экен э, тобо?”-деп таң калганымды айтпа.
Кыргызда жиндиси менен дудугу жок айыл болгон эмес. Биз жиндилерди да, дудуктарды да өз көзүбүз менен көрүп чоңойдук, кемтиги жок адам болбосун билип, кетиги бар адамдарды кемсинтпей, күлбөй, аяп чоңойдук. “Жинди болбогула, жинди болсонор ушинтип каласыңар!”-деп бассак-турсак көрүнбөгөн бирөө артыбыздан шыбырап тургансып чоңойдук. Көрсө, бизге Кудай шыбырап турган экен. Кудай бул дүйнөгө эч кимди артыкбаш, эч нерсени керексиз кылып жаратпайт турбайбы. Кудайдын ошол мыйзамын бузуп, жөн эле өз арбайларын согуп жүргөн жиндилерди да тим койбой, айыл-айылдан күч менен жоготкондон кийин алардын ордун биз укпаган, биз көрбөгөн кырсык басты. Жараткандын айылдагы ар бир тараза ташынын тең салмагы бузулду. Үсөн, жинди Айша, Обуке, Кеңеш, Шамырай болуп жаныбызда жашап жүрсө, анан арабызга батырбай зордоп жоготкондон кийин алар билинбей, көрүнбөй ар бирибиздин ичибизге “кирип кетип” жашай баштады. Азыр ар бирибиз акыл-эстен тайып, ар бирибиз кантип кичине-кичинеден “жинди” болуп баратканыбызды өзүбүз да билбей калган доорго келдик. Жердин асты тынч болгон менен Жердин үстү жиндилеге толуп кетти.
БИР УУЧ ТОПО
Мен кенедейимден айылдагы карыялардын “Эми силерден топурак буюрса болду” деген сөздөрүн эчен курдай уккам. “Топурак салуу” деген өлгөн адамдын да, аны акыркы сапарга узатып жаткан тирүү адамдын да көксөөсүн баскан жөрөлгө. Бир ууч топурак салып калыш үчүн Жердин аркы бетиндеги баласы Жердин берки бетиндеги атасынын аза зыйнатына учуп келген. Топурак салбай кайткан эмес. Топурак салбай калуу деген каргышка калуу деген менен барабар болгон. Өлүмгө тете уят иш болгон. Ата-энесине топурак салбай калган балдар-кыздарды айыл, эл-журт жаман көргөн. Ошондуктан кыргыздар жакын адамы көз-жумганда, анын өлөөрүн эле күтүп тургансып жанталашып, дароо эле жерге жашыра койбостон, бир-эки күн кармап аза күткөн. Анткени алыс-жууктан куда-сөөктөрү, дос-тамырлары, кыз-кыркындары, уулдары келип үлгүрүп, маркум менен коштошуп, ичиндеги күйүтүн чыгарып, топурак салып кайтсын, алыста жашаган жакындары үгурүп калсын деген.
Өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосундагы “көпүрө”, балким, ушул биз маркумдарга салган бир ууч топурак болуп жүрбөсүн?
Эмне себептен өлгөн апасына куса боло берип такыр эле “ооруй”баштаган баласына бейитинин топурагын жалатышкан?
Эмне себептен алыска кетип бараткан адам кайра аман-соо кайтып келиш үчүн туулган жердин топурагын түйүнчөктөрүнө түйө кеткен?
Эмне себептен энелер балдарын каргаганда: “Топурагымды түйүп бердим!”-деп каргаган?
Эмне себептин эч нерсеге тойбогон көз топуракка тойгон?
Өлгөндөн кийин сага салына турган бир ууч топо. Бирок элден буюрган, өзгөчө өзүңдүн балдарыңдан, өзүңдүн жакындарыңдан буюрган мына ушул бир ууч топодо тиги дүйнөгө барганыңда күнөөңдү жеңилдетет, кыйналып-кысталбай, акыры өзүң да бир ууч топого айланып кетесиң деген ишеним жаткан жокпу? Адам баласынын жашоо-турмушуна, ден соолугуна зыяны тийбей турган ишенимдин отун өчүрө көрбөгүлө? Айткылачы, атасынын же апасынын сөөгүнө топурак албаган бала да балабы?
БИР УУЧ ТОПО
Кылымдардан кылым кезип келайткан,
Кыз-уулуна кыргыз мындай кеп айткан.
Биз кеткен соң артыбызда силерден
Бир ууч топо буюрса экен деп айткан.
Бир ууч топо, бир ууч топо, жарыктык,
Биз таппаган өзүңдө экен калыстык.
Шай кетерде сенден алып кубатты,
Жан кетерде сага жашты тамыздык.
Калк соолубас каада-салтын карманган,
Сооп табат бир ууч топо салган жан.
Жандын баары топурактан жаралып,
Жандын баары топуракка айланган.
Арстанбектин айткан сөзү угулсун,
Калктан чыксаң кагып калган куюнсуң.
Биз кеткен соң арттан келчү балдардан,
Бир ууч топо, бир ууч топо буюрсун!
Шайлообек Дүйшеев.
Булак: NazarNews.kg