www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыйык  китептен алынган ушул сүйлөм жөнүндө толугураак айтып берсеңиз.

2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылаптан кийин үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турган  толуктоолорду Башмыйзамга киргизүү маселеси күн тартибине коюлуп, коомдо талкуу башталды. Элдин ой-сунуштарын  билүү максаты менен элге кайрылуу жасалды. Ушуга байланыштуу мага да, мамлекеттик катчы катары, көптөгөн пикир, сунуш, каттар келе баштады. Арасында мени абдан таң калтырган бир катты Кант шаарына жетпей Киршелк деген айылдан Татьяна Журавкина деген ардагер  жазыптыр. “Баш мыйзамга киргизе турган толуктоолорго менин сунушумду кошуп карап койгула. Баш мыйзамдын башына  (преамбула) минтип жазып коюуну сунуштайм – «Кыргыз – рухий наркты материалдык байлыктан бийик койгон эл»  (кыргызы духовные ценности ставят выше материальных) – деп.

Мен таңкалганым – бул сунушту орус элинин өкүлү жазганы болду. Чакырып, кабыл алдым. Бою кичинекей, арык чырай, жетимишке барып калган, баскан-турганы тың, колуна чакан баштык көтөрүп алган экен. Мен сурап калдым: «Сиз эмне үчүн мындай сунуш  бердиңиз? Минтип жазып койсок  аны кантип далилдейбиз? – деп.

Чакан баштыгын ачып, ичинен  ак жоолукка орогон эски китеп алып чыгып, столго коюп, минтип жооп берди. «Силер ким экениңерди билбейсиңер. Кудай силерди атайын бузулган элдерден алыс, бийик тоодо кармап турат. Адамзаат акыр заманга жакындап, бир бутун шилтеп калганда, силер сактап каласыңар. Бул кудайдын буйругу болот» - деди да, жоолугун ачып, «бул байыркы ыйык китепте жазылган», - деп, окуп берди: «Человечество от апокалипсиса спасут потомки племени Манасия»- деп.

Иш көп, мен ыраазычылык айтып, узаттым. Арадан эки жыл өттү. Кемпирди издеп  (телефонун жазып калгам) Киршелкко  чалсам, кыргыз келин жооп берди: «Алар Россияга көчүп кеткен, үйүн биз сатып алганбыз»; - деп.

Мени кызыктырган – эски китеп эле. Качан жазылган, эмне деп аталган, ким жазган ж.б.  Кабыл алганда  шашып олтуруп, эң болбоду дегенде, китепте жазылган бетин көчүрүп албаганыма абдан өкүндүм.

Ал киши айткан сөзүн бүгүн эмнеге эстеп олтурасыз? Же кандай бир негиз барбы?

Рим папасы 2015-жылы Мексикага барып, аны урматтап тосуп чыккан 130 миң элге «Бабаларыбыз силердин маданиятыңарды түшүнбөй, далай жамандык кылган үчүн кечирим сурайм. Силер  табият менен эриш-аркак жашаган улуу билимге ээ экенсиңер. Бүгүн бул билимге адамзаат бүтүн муктаж болуп турат. Силердин келечек милдетиңер – бул билимди адамзаатка жайылтуу» - деди.

Ошондо Журавкинанын сөзү эсиме келди. Экинчи жолу коронавирус апааты эки айда дүйнө өлкөлөрүнө жайылганда кайра эстедим. Жөн эле эстебей, бул сөзгө негиз боло турган интернетте жарыяланган пикирлерге көңүл бурдум. «Коронавирус дүйнө элин үйлөрүнө айдап киргизди, табият силерден эс алсын деп, коронавирус адамдардын калпынан, урушуп, кайым айтышуусунан, ыпылас сөздөрүнөн тажап, ооздорун маска менен жапты. Коронавирус кудайдан да коркпой  калгандарды эсине келтирди. Коронавирус табият менен эсептешпей, өзүн баарына кожоюн сезген адам баласына эскертүү, акылына чакыруу болду ж.б.

Дүйнө өзгөрүлдү. Ажылыкты, мечит, чиркөөлөрдү, түнкү клубдарды коронавирус жапты, ойлонгула дегенсип…».

Ушуга окшош пикирлер интернетте байма-бай чыгып жатканы жөн эле эмес, – деп ойлодум.

Биринчи да, экинчи да дүйнөлүк согуш учурунда дүйнөдө мындай окуялар болбоптур – деп  белгилеп жатпайбы… Корронавирус апаатын үчүнчү дүйнөлүк согушка теңеп, АКШ мамлекети жеңилди, Кытай бир ок чыгарбай жеңди, - деген пикир да айтылып кетти…

Бул апааттын аягы бүгүн көрүнбөй турат, бирок бери дегенде дагы беш-алты айга созулат ко, эгерде экинчи толкуну кайра башталбаса. ХХ кылымдын башында «испан гриппи» жүз миллион адамдын жанын алып кеткенде, эң көп жоготуу экинчи толкунунда болгон экен.

Мунайдын баасы эки эсе арзандап, «дабл ю-ти» сорту (АКШ да чыгат) минус 30 долларга түшүп кетти – кардарлар төлөп сатып албай, тескерисинче, ар бир кардарга мунайды бекер берип, үстүнө дагы бир барелге 30 доллар акча төлөп жатышат! Качан мындай болду эле?!

Демек дүйнө жүзүндө экономикалык, социалдык, гуманитардык, финансылык кризис башталды. Алибетте, анын баары жүрүп олтуруп дүйнөнү саясий кризиске учуратат. Бирок, эң чоң коркунуч биологиялык кризис башталып кетиши мүмкүн болгонунда турат. Себеби, коронавирус тез мутация болгону аныкталды. Бул вирус менен ооруп, айыгып кеткендердин отуз эле пайызында иммунитет болуп, калганында болбойт экен. Бул – антибиотик да көбүнө жардам бербейт дегенди түшүндүрөт. Анда кандай болот? Анда эволюция жолу  аныктагандай – адам баласы өз жашоосун өзгөртүп, коронавирус жукса да иммунитети аны жеңип чыгып же тоотпой койгон абалга жетиши зарыл болот.

АКШ мамлекетинде бүгүн эле 30 миллион адам жумушу жок калыптыр, Россияда – бир миллион… Коронавирус дагы беш-алты ай уланса, канча  адам жумушсуз калат болду экен…

Бул – экономиканы күтүп турган  далай кыйынчылыктардын бири эле… Маселе кыйла терең. Коронавирус апааты эскиче жашоо болбой калды дегенге алып баратат. Эски дүйнөтааным, эскиче ой жүгүртүү, мамиле кылуу, бизнес, саясат, бийлик жүргүзүү ж.б. баарын өзгөрүү күтүп турушу мүмкүн.

Кийинки 40 -50 жылда жүрөк, өпкө, диабет оорулар күчөдү, балдар онкологиясы, аллергия пайда болду. 30 пайыз жаңы оорулар экологиянын бузулганынан жаралды, стресс, депрессия, суицид ж.б., же түз айтканда – «адамча жашабасаңар, турмушуңар тозокко айланат» деген байыркы бабаларыбыздын насаатын далилдеди.

Адилет болбогону үчүн эл жарыбады, жабыркап, чачылып, тарады.  Калыстык, акыйкат болбогону үчүн теңсиздик, зордук, зомбулук күчөдү.

Коррупция – жашоо  шартына айланды. Таамай, бурмалабай, түз сүйлөгөн кыргыз – коррупцияны мансап уурулук деп айтмак. Коррупционер дегенди – ууру демек. Элдин ырыскысына кол салган – ууру, демек - өзүн элден бийик койгон айбан… Кыргыз андайларды ташбараңга алган. Эл өзү өкүм чыгарып, эл өзү өкүмдү аткарган.

  • Коронавирус көп нерсени өзгөртүүнү талап кылаары ачык боло баштаган соң, эмнелер өзгөчө, биринчи кезекте өзгөрүлүшү зарыл…
  • Алибетте, эң алды табиятка кылган мамиле. Жети жарым миллиард киши табиятка жырткычтык мамиле кылып, ал үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпай, табиятка каршы күндө жасаган «коронавирусу» миң эсе оор апаат болуп жатпайбы!!! Коронавирус жуккандардын 94 пайызы айыгат экен. А бирок адам табиятка калган «коронавирустан ал биротоло «өлүп» баратпайбы!

Интернеттен окуп билсе болот: жылына канча миллион гектар токой кыйылып, канча  жүз миллион гектар жер иштетүүгө жараксыз болуп, канча жүз миллиард  тонна таштанды ыргытылып, канча жүз миллиард тонна зыяндуу түтүн абага учуп, канча миң жан-жаныбар биротоло кырылып, жок болуп жатканын!!!

Табият адам баласынан коргонуп, коронавирус жиберип жаткан жокпу??? Бул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да табият түбөлүк, адам болгону «конок, бүгүн бар, эртең жок»… дегендей.

  • Анда табиятка кандай мамиле кылуу керек?
  • Байыркы бабаларыбыз «конушубуз саргайып баратат, көчпөсөк Жараткан кырсыктап коет» деп,  табиятты ыйык тутуп ага бир да зыян келтирбегенин бизге үлгү кылып калтырбады беле!

Биз аны тез эле унутуп койбодукпу! Адам баласы табиятка, жер-суу, абага, жан-жаныбарларга зыянын тийгизбей жашаганды үйрөнүшү керек! Кыргыз муну жакшы билген, бизге үйрөнүүнүн кереги жок.

  • Маселен, Бишкек шаарында муну кантип ишке ашырсак болот?
  • Эл менен кеңешип, элге түшүндүрүп, элдин макулдугу жана колдоосу менен биринчи кадам – үч жылдык, экинчи кадам – дагы эки  жылдык план иштеп чыгуу керек. Биринчи кадамда: унаанын баарын электр кыймылдаткыч менен гана жүргүзүү; - велосипед менен жүрүүгө атайын жолдорду ачуу; таксилерге да жалаң   электр кыймылдаткычтар менен жүргөнгө уруксат берүү; эски үйлөрдүн баарын сыртынан жылууландыруу жана үстүнө күн менен жылытуу жабдыктарын коюу, бара-бара ТЭЦтен ажыратуу.

Массалык түрдө балдарды, жаштарды, карыларды физкультура менен  машыктанууга  шарт түзүү, сергек жашоого көндүрүү.

Сырты жалтырак, бирок адамга зыяндуу азык-түлүк, суусундук ж.б. баарына тыйуу салып, элди жергиликтүү менчик фермерлер өндүргөн табигий таза азык-түлүк менен  ортомчулары жок, түз, чакан соода жайларын куруп - камсыздоо.

Медицина тармагына акча төлөп олтурбай, элдин ден соолугун чыңап, иммунитетин көтөрүп, сергек жашоого  мамлекет каражат жумшоо зарыл.

Ушул багытта дагы далай  иш аткарса болот. Шаарды жашылдандырууда беш жылдык план иштеп, абаны тазартуу керек.

Ошондо коронавирус, энтеровирус, грипп, аллергия ж.б. инфекция элге коркунуч жаратпай калат.

Кийинки 30 жылда Бишкекте, Ошто ж.б. шаарларда: аба кир болуп, дем алуу коркунучтуу болду, бак-дарактар кыйылды, унаа көчөлөргө батпай кетти, тамак аш химияга толуп, зыяндуу болду…

Шаардыктардын иммунитетин 10 балл менен аныктаса, 60 – 70 пайызыныкы 3 – 4 баллдан ашпайт. Себептери: абанын булганышы, кыймылсыз жашоо, ашык салмак, ичкилик,чылым чегүү, өнөкөт оору, ач көздүк, ичитарлык, өзүмчүлдүк ж.б. адамча жашабагандыктын кесепеттери.

Элет элине коронавирус жакындай алган жок. Салыштырмалуу жашоо таза, пеил анча бузулган жок, ыйман сууй элек, адеп эстен чыга элек.

  • Элет шарты да жаңы ой жүгүртүүнү, жаңыланууну талап кылат го ?
  •   Алибетте, бирок айылда абал кыйла жеңил. Үч эле маселе бар. Табиятка зыян келтирбей, химия заттардын бирин да колдонбой  (гербицид, пестицид, селитра ж.б.), табыхый  жер семирткичтерди пайдалануу, таштанды маселесин чечип, тоо этектерин жашылдандыруу жана тарбия ишин колго алуу.

Үйлөрдү сыртынан жылууландыруу.

  • Бул биринчи кадамда аткарылчу иштер го. Экинчи  кадамда кайсы аракеттерди ишке ашыруу зарыл?
  • Бабалардын дүнүйөтаанымын түшүндүрүү, жайылтуу, тарбия ишин кеңири жүргүзүү, адам мамилелерин аруу бийиктикке көтөрүү.
  • «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» - дегендей, экономика эмне болот, кантип өсүп, өнүгөт?
  • Еврошаркеттин ички дүң продукциясы 2020 жылы өсмөк түгүл, 7.5 пайызга азаят деген божомолду серепчилер жарыялады, Демек, 500 миллион адамды бир топ кыйынчылык күтүп турат.
  • Еврошаркет боюнча үч триллион евро каражат экономиканы жандандырууга каралып, ИДП 7.5  пайызга төмөндөсө, Россиянын  экономикасы андан да артка кетери күтүлүп турса, 250 миң мигрант Кыргызстанга кайтып келсе  (адистердин божомолу боюнча) – анда Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен бирге тез арада өзгөчө иш  чаралардын планын иштеп чыгышы зарыл. Дүйнө экономикасы калыбына бир жылда келбейт, демек өзгөчө план эки жылды камтышы керек.

Бир дагы менчик фирма, өндүрүш продукциясын КМШ базарларына чыгара албайт.

Демек, элди алар жумуш менен камсыз кыла албайт. Беш ири мамлекеттик концерн түзүп, тамчылап сугаруу менен Баткен областында 100 миң; Балыкчыдан Долинкага чейин жүз миң гектар  абрикос, малина, карагат тигип; Чүй, Нарын, Жалалабат, Талас областтарында булак сууларын тундуруп бөтөлкөгө куйган эки-үч миң линия  орнотуп; Соң-Көл, Ысык-Көл, Токтогул жана калган ири суу сактагычтарда жылына 30 – 50 миң тонна балык өндүрүп; дары чөптөрдү кургатып, пакеттеп дүйнө өлкөлөрүнө сатууну уюштуруп жана табыгый таза азык-түлүк өндүрүүгө айыл чарбаны которуп, жалпы баары биригип 250 – 350 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот, 2-3 миллиард  доллар киреше таап.

Экономиканы көтөрүүдө талаштуу же чечилбей турган маселе жок.

  • Экономиканы көтөрүүдө чоң маселе жок болсо чейрек кылым чарба иштерин эмнеге жөнгө сала албай жатабыз? СССР доорунда Кыргызстан чакан өлкө, мунай, газы жок, эли өнөр жайдан кабарсыз ж.б. ушул өңдүү  пикирлер байма-бай айтылып калчу эле?
  • Статистика маалыматтарына кайрылалык. Гуткин Л.С. «Человечество на рубеже веков: показатели социально-экономического развития стран мира». Москва. Логос, 2003 г. 216 стр.

Кыргызстандын аянты дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн чоң – 198 миң км2. Салыштыралык: Израилдики – 21.9 миң км2 (Ош областынын аянты 29 миң км2), Кувейттин аянты – 17.8 миң км2 (Баткен областынын аянты 17 миң км2), Ливандын аянты 10.4 миң км2, Кипрдики – 9.2 миң км2 (Талас областынын аянты – 11 миң км2), Эстониянын аянты – 45.2 миң км2 (Нарын областынын аянты 47 миң км2),  Тайвандын аянты – 36 миң км2 (Жалалабат областынын аянты 34 миң км2), Латвияныкы – 63.7 миң км2, Грузияныкы – 69.7 миң км2, Азербайджандыкы – 86.6 миң км2, Португалияныкы – 92.3 миң км2, Венгрияныкы – 93 миң км2, Түштүк Кореяныкы – 99 миң км2  (Эли 47 млн).

Кыргызстанда бир жанга 13834 м3 таза суу келет, Кытайда – 2295 м3, Индияда – 2244 м3, Германияда – 2096 м3, Иранда – 1719 м3, Англияда – 1223 м3, Египетте – 939 м3, Израилде – 289 м3, Сауд Аравияда – 249 м3, Кувейтте – 95 м3, Францияда – 3408 м3.

“Отун олжо, суу – кордук” – дейт кыргыз.

Кыргызстан элинин сабаттуулугу боюнча дүйнөдө 14 орунда, АКШ - 19, Россия – 22, Франция – 29, Германия – 29, Жапония – 31, Англия – 38,  Түштүк Корея – 49, Канада – 58, Малайзия – 94, Турция – 100, Кытай – 102, Сауд Аравия – 121  орунда.

Тилемчилик менен жашоо  кыргыз үчүн уят. Улуттук эс тутумубузду өчүргөн үчүн көрүнгөн элдин этегине илешип, кайыр-садака сурап жүрөбүз...

  • Статистика боюнча, 2020-ж. январь-февраль  (эки  эле айда) дүйнө боюнча СПИДден 240 миң, ичкиликтен – 350 миң, чылым чегүүдөн – 700 миң, рак оорусунан – бир миллион бир жүз миң, жол кырсыгынан – 190 миң, өз жанын кыйгандан – 150 миң адам кайтыш болуптур. Ал эми коронавирустан январь-апрель  (4 айда) дүйнөдө 220 миң адам өтүптүр, грипптен жылына 800 – 840 миң адам көз жумат экен.

Коронавирустан чоң ызы-чуу чыгарган атайын күчтөр бар, дүйнө элин электрондук концлагерге алууну көздөгөн, - деген пикир интернетте тарап жатат…

  • Бул жөнүндө далилдүү маалыматтар интернетте чыгып жатат  (5G интернет мунараларын адамдар өрттөп жатканы ж.б.). Андай болушу да мүмкүн… Бирок, көңүл буруп, ойлоно турган маселе бар:

Жылына дүйнө боюнча жүрөк оорулардан 15 млн, рак оорусунан – 1.7 млн, диабеттен 1.6 млн, чылым чегүүдөн – 16 млн адам кайтыш болот экен. Ичимдиктен, ашык салмактан, аллергиядан, туберкулездон, жол кырсыктарынан дагы ошончо адам көз жумат,- деп статистика маалымдайт.

Буга экология көйгөйлөрүн кошсок – адамзаат акыр заманга зуулдап, эки жагын карабай, учуп бараткансыйт…

  • Байыркы бабаларыбыз адам болуп, адамча жашагыла деп бекер айтпаптыр да…
  • Белгилүү акын Турар Кожомбердиев: «Тиктебей калдык көктү, жыттабай калдык чөптү» - деп таамай айткан экен. Бала кезде козу кайтарып жүрүп, асманды карап, чөптөрдү жыттап жатчу элек…  Бүгүн асманды караган адам барбы? Асман, жылдыз менен иши жок… Байлык, акча, чоңдорго жагынуу, кошомат кылуу, алдамай, аткарылбаган убада бермей, эптеп күн өткөрмөй… 

«Карап турам асман толо жылдызды,

Ыйлап турам жазгым келип кыргызды,

Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,

Же кыргызым асмандагы жылдызбы?

Балдарыңа чыккынчылык кыласың,

Каймактарын түрмөлөргө тыгасың.

Эртеңкинин шыбагасын бүгүн жеп,

Келечектин сен тамырын кыясың!

Кыргыз деген уул-кызың көрүнбөйт,

Айтпасам да тарых муну төгүндөйт!

Өзөгүмдү өрттөп барат бир сезим,

Урпактардын келечеги көрүнбөйт!

Баары кетти эл жер кезип талаага,

Эч ким калбай ыйык салттуу калаада.

Сезим сокур жансоогалап калышты,

Карапайым кыргыз толуп базарга!

Эми кара, мурунку жок жамалың,

Кошоматчы, шөмтүрөгөн абалың.

Тыңдай албай жоону эмес үйүңдү,

Ачылбастан турат сенин кабагың!» Бул жүрөгүнөн кан агып жазган акын Тагдырбек Бөрүбаевдин ырынан үзүндү ар бир кыргызды намысына чакырбай койбойт.

  • Илгертен бери адам  баласын бир суроо түйшөлтүп келатат: деги эле жашоонун максаты эмнеде? Бабаларыбыз бул суроого жооп таба алды бекен?
  • Илгертен бери кыргызда айтылып келаткан сөздөр бул суроого жооп берет: «Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү», «Адилет болбой эл жарыбайт. Эл байлыгы -  адилет. Таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат», «Теңирим теңдикти жалгайт», «Бийлик - жаратканда, андан кийин – элде», «Адам болуп адамча жашабасаңар, турмуш тозокко айланат», же бир сөз менен айтканда кыргыз үчүн жашоонун максаты: - адам болуп адамча жашоо;
  • Элине пайдалуу болуу;
  • Адилет, калыстык, акыйкатты сактоо;
  • Теңчиликте жашоо  («теңчилик болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет»);
  • Жараткандан кийин бийликти элдин колунда кармоо;
  • Жерге, сууга кесир мамиле кылбоо  (кылсаң жараткан кырсыктап коет).

 Коронавирус апааты кыргызга дагы бир максат койду: Бабаларыбыздын улуулугун улап,  улуттук дөөлөттөн күч-кубат алып, адам баласын акыр замандан сактап калуу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости