www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого катышкан Бактыбек Сыдыков добуш берген бардык шайлоочуларына жана командасына терең ыраазычылык билдирип, Кыргызстан элине жана мекенине кызмат кылуу максаты экенин айтты.

Сыдыков өз кайрылуусунда:

Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргыз элим!

Биздин ата-бабалар каны-жаны менен сактап, муундан-муунга өткөрүп берген жалгыз мамлекетибиз бар — ыйык Кыргызстаныбыз. Миңдеген жылдык тарыхка ээ элибиз бар — бул кыргыз эли, бул көп улуттуу Кыргызстан эли. Биздин ыйык парзыбыз — келерки муундарга өнүккөн, туруктуу, тынч, ынтымактуу, адилеттүү, демократиялуу Кыргызстанды өткөрүп берүү.

Бүгүн Кыргызстанда көптөгөн жакшы реформалар жана чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Анын көрүнүктүү мисалы — заманбап технология менен өткөн парламенттик шайлоо. Мен да элиме жана мамлекетиме кызматымды улантуу максатында бул жарышка катыштым. Күрөш таза жана калыс болду.

Натыйжада, 19 000ден ашуун добуш алдым, жалпы өлкө боюнча эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыктым, жеңишке жеттим.

Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жайылтып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти.

Кыргызда айтылат: «Кыныр иш кырк жылда билинет». Мен ишенем — чындык сөзсүз айтылат! Ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет.

Урматтуу кыргыз элим, шайлоочуларым! Мени колдогон, добуш берген, күнү-түнү жанымда турган бардык мекендештериме жана командама чоң таазим жана терең ыраазычылык!

Эч кандай күмөн болушу мүмкүн эмес: мен кайда болбосун — парламентте, мамлекеттик кызматта же жеке ишкерликте — Кыргызстаныма өмүр бою кызмат кылгам, кызмат кылып жатам жана кызмат кыла берем!

Мен урматтуу Президентибиздин жана Өкмөтүбүздүн элибиз үчүн жасаган реформаларын дайыма колдоп келгем жана мындан ары да колдойм. Мен ар дайым элиме кызмат кылууну жеке кызыкчылыктан жогору коюп келгем деп так кесе айта алам, себеби мен үчүн Мекенге кызмат кылуудан артык дөөлөт-байлык жок!

Эң негизгиси:

  • Мамлекетибизде тынчтык болсун!

  • Элибизде ынтымак болсун!

  • Жүрөктө ыйман жана өлкөбүздө өнүгүү болсун!, - деди Бактыбек Сыдыков.

Последние новости