www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нострадамустай, Вангадай боло турган жамандык менен жакшылыктарды алдын ала кѳрѳ билген өзүбүздүн Калыгул олуя, Арстанбекти эмнегедир теңсинбейбиз. Мындай пикирин жазуучу Шайлообек Дүйшеев билдирди.
"Бизде бир жаман адат бар ѳз адамдарыбыздын баркына ѳзүбүз жетпей келаткан. Элибиз аны «Ѳз агасын агалай албаган бѳлѳк бирѳѳнүкүн сагалайт» деп илгери эле айтып койгон. Нострадамустай, Вангадай, Сталиндин убагындагы Вольф Мессингдей заманды, доорду, боло турган жамандык менен жакшылыктарды алдын ала кѳрѳ билген, сезе билген, айта билген касиетттүү адамдар кыргызда да арбын болгон. Бирок эмнегедир ѳзүбүздүкүн сѳз кылгыбыз келбеген, андай касиеттүү адамдарыбызды теңсинбеген, сыймыктангыбыз келбеген кокуй адатыбыз калбай келет. Болбосо Калыгул менен Арстанбектин… андан кийинкилердин айткандарын эстей жүрсѳк, ойлой жүрсѳк, унутпай айта жүрсѳк, ѳткѳнүн сыйлаган эл катары элибиздин кадыр-баркы ѳскѳндѳн бѳлѳк кенедей да зыяны болбойт эле. Экинчиден арбактар ыраазы болуп, биздей артында турган тирүүлѳрдүн да иши оңолот эле…
Ошентип, мындан 178 жыл мурун же 1842-жылы хан Ормон олуя Калыгулду үйүнѳ алдыртып келип, дасторкон үстүндѳ:
-О, олуям, бу силерди эки дүйнѳнү кѳрүп-билип, аралаша жүргѳндѳй айтат дешет. Чынбы, тѳгүнбү?- деп сизди чакырттым. Эки иштен бир иш үйдѳн даам татсын дедим. Бу аалымдардан «бал китебиң эмне дейт?» десең эле акыр кыямат жѳнүндѳ кеп кылат. «Аны кайдан билдиң?» десең, «китеп айтат» деп жооп берет. Силерди эки дүйнѳнү тең кѳрүп сүйлѳйт дегенинен, аныгын билейинчи дедим,-дейт.
Олуя ак да, кѳк да дебей, кѳзүн жуумп, сакалын сылап олтурат.
Калыгул сүйлѳп аткан сѳзүнүн аягына чыгып баратканда оң ийинин каранып алып: «Ыраспы, ыя?» деп турчу эле дешет. Албетте, олуянын ийининде ким олтурганы ѳзүнѳн башкаларга кѳрүнгѳн эмес чыгаар. Мунусун ѳзүнүн бекемдеп кеткен жери да бар:
Акыр заман дегенди,
Айтмайынча тойбоймун.
Мейли жаман кѳрѳ бер,
Дегеле айтпай койбоймун.
Оң жагымда ишим бар,
Ошолорду айткын деп,
Оюма салган кишим бар,-деп эскертип турчу экен.
Калыгул Ормондун суроосуна:
-Айтып не, айтпай не. Бу акыр кыяматтын болору чын. Бирок аны сиз да, биз да кѳрбѳйбүз, Кызыксаңыз айтайын. Акыр кыямат үч доор менен келет деп сѳзүн баштаптыр.
1-ДООР КЕЛЕТ, ОШОНДО: Уңкул тумшук кѳзү кѳк орус келет, узун чѳптүн баарысын оруп келет, кыска чѳптүн баарысын коруп келет. Жер менен тегирмен жүргүзѳт, шырпысы жок, майы жок чырак күйгүзѳт. Тегерек мурун малы болот баткак жерге оонаган, жегени ботко, жебейт чѳп, этинен майы кѳп.
2-ДООР КЕЛЕТ, ОШОНДО: Жол боюнда орноткон жыгач мамы болот, жыгач мамы учунда эки чыны болот, эки чыны үстүндѳ зымы болот, чака-чака тыйын чыгат, мурункудан кийинкилер кыйын чыгат, буурусун жоголуп соко келет, үч сокону темир ѳгүз («тракторду» айтып жатканы го) сүйрѳйт, суу ичет да чѳп жебейт.
3-ДООР КЕЛЕТ, ОШОНДО: Заман оңолот, бирок пейил жоголот. Адам пендеси бирин бири сүйбѳй калат, акыл айтсаң чатак салат. Карысы жашынан уялбайт, такыясын колго алып, кыз жигитти кубалайт. Жоготуп дилин, унутуп тилин, кызды кѳрсѳ кээ жигит эл кѳзүнчѳ жулмалайт. Дүнүйѳгѳ кѳзү тойбой алдым-жуттум кѳбѳйѳт. Нике каты жок туруп, кѳчѳгѳ тууган кѳбѳйѳт. Оокат-байлык ушунчалык кѳбѳйѳт, ошого топук кылбай киши ѳлтүргѳн кѳбѳйѳт. Кыздан кылык кетет, уулдан уят кетет. Уул атасын укпай, кыз энесин укпай, балдар үйдѳн чыкпай күзгүнүн бетинен куурчак ойноп калат. Мына ханым, ар жагы чаңдап эле туман басып, эч нерсе кѳрүнбѳй калды деп, жакасын кармап, жашып олтуруп калган экен.
Калыгул олуянын «Балдар үйдѳн чыкпай, күзгүнүн бетинен куурчак ойноп калат» дегенин бүгүнкү телевизор же андан да даанаарак чечмелсек «сыртка чыкпай, үйдѳ олтуруп ойноп калган «сотка телефон» деп чечмелѳѳгѳ эмне үчүн болбосун?
Ормон:- «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боептур» дегендей, олуя-олуя десе обужоктун баарын айттыңыз го, олуям?-дейт.
Калыгул:- Обу жок эмес, ханым. Ушунун баары болот, бирок аны экѳѳбүз кѳрбѳйбүз. Ошондуктан ишендирүү кыйын. Экѳѳбүздүн ырыскыбыз элден, ажалыбыз кѳлдѳн,- деп сѳзүн аяктайт.
Чынында эле кийин экѳѳ тең кѳлдѳ каза болот.
Калыгулдун айткан-дегендери бизге ар кандай түрдѳ келип жеткен. Дагы бирин мисалга тарта кетели: Он түтүнгѳ бирден тың чыгат, бирин кѳрүп биринен бири шум чыгат. Уй пул болот, кул бий болот. Токой токол болот, талаа токой болот. Тегерек чака тыйын чыгат, атасынан баласы кыйын чыгат. Сааганың сары бээ болот, ичкениң ит ичпес сары суу болот. Таштан кесең болот, аны ичкен балдар таңдайы жарылган чечен болот. Этеги жок, жеңи жок чапан чыгат, эң кийинки балдарың тапан чыгат, тегиз жерден тегирмен чыгат, тексиз жерден бий чыгат, ээ ыраспы?-деп оң ийнин карайт.
Ошондо үрѳйү учуп угуп олтургандар:
-Олуям. Ошондо элдин айласы эмне болот?- дешет.
Калыгул: - Ал эле дейсиңерби? Ал деген сары орустун заманы. Сары орустан кийин кара орус чыгат, ошондо сары оруска күйүт түшѳт, элге бир чоң бүлүк түшѳт. (Кара орусу ким? Кытай болуп жүрбѳсүн?). Ошондо он үйгѳ бирден казан болот, орчун шаар базар болот. Мейли кадыр болом деп зайып чыгат, кѳл үстүндѳ жүргүзгѳн кайык чыгат,-дейт.
- Андан ары эмне болот?-дешет олтургандар.
Калыгул:- Ошол кара орустун убагында он беш жылдан кийин, байпагың манат, батегиң киш, ит аягың мис болот. Кой үстүнѳ торгой жумурткалап, жесир катын миңден кой айдайт,-деген экен.
Ошол учурду кѳрѳр бекенбиз?-деп жиберишет.
Калыгул:- Жок, бул олтургандар кѳрбѳйсүңѳр. Кѳрсѳ, тетиги бешиктеги бала чет-четин кѳрүп калар,-деп сѳзүн бүтүргѳн экен Калыгул.
Эми ушундан кийин жалаң ресторандар менен тойконаларды куруп, жалаң дүнүйѳ жыйнаган, акча жыйнаган ач кѳздүк жоголо турган доор келгей эле, тойканалар менен ресторандар, сандаган мечиттер илимканалар менен билимканаларга айланып, врачтар менен мугалимдерди даярдаган окуу жайларына айланып, жерибиз балдарды караңгылыкка, түркѳйлүккѳ жетелеп кетчү дайыны жок дааватка эмес, заманбап илим, билим үйрѳтѳ турган, кѳкүрѳгүн кѳздүү кыла турган мекемелер менен мектептерге жетелеген жакшылыкка толсо экен деп тилеп турган кезибиз.
Акындарга талант, шык, жѳндѳм деген жѳн эле жерден келе бербейт. Чыныгы акындардын кулагына Кудай шыбырап турат деген сѳз да бекеринен айтылбаган чыгаар. Мен азыр сиздерге Кыргыз эл акыны, ѳзүм сыйлаган таланттуу агам, Кыргыз эл акыны Тѳлѳгѳн Мамеевдин «Бийиктик» басмасынан 2011-жылы жарык кѳргѳн «ЫЙМАНДЫ ТАЗАЛАЙ КѲР ЖАҢЫ КЫЛЫМ» деген ыр жыйнагындагы бир ырын алдыңарга тарткым келди. Окуп ойлонуп кѳрүңүздѳр, акын бул ырын 2007-жылы 12-мартта:
Кѳбѳйсѳ аял эрдин башын аттаган,
Кѳчѳлѳрдѳ эркиндик деп какшаган.
Апаат келет, оору каптайт эл ичин,
Адам уулу бир да дары таппаган.
Баш ийбеген Мыйзам менен Куранга,
Балдар чыкса ишенбеген Кудайга.
Бороон боздойт, кѳчкү жүрѳт, сел жүрѳт,
Жер титирейт чыдай албай буларга.
Кѳбѳйсѳ адам ыйык кѳргѳн акчаны,
Атасын да араң турган сатканы.
Кѳѳдѳнүндѳ рух деген байлык жок,
Кѳңдѳй болот элдин калың катмары,-деп жазыптыр. Же калппы?", - деди Шайлообек Дүйшеев.
Булак: NazarNews.kg