www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын шайлоо процесстеринин ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү коом үчүн өтө маанилүү. Ушул өңүттөн алганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровго карата коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлер көңүл сыртында калбашы керек.

Өткөн парламенттик шайлоолор учурунда жаралган талаш-тартыштар жана нааразычылыктар коомдо белгилүү деңгээлде ишеним кризисин жараткан. Акыркысын айтканда дагы Чыңгыз Айдарбековдун мандат маселеси көптөгөн суроолорго жем таштады. Айрым жарандар жана коомдук ишмерлер тарабынан мурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу да суроолор көтөрүлүп келет. Тактап айтканда, саясатчы Жылдыз Жолдошеванын анын дарегине айткан олуттуу дооматтары көңүл сыртында калбаш керек.

Ошол эле учурда, мындай маалыматтар расмий түрдө тастыкталган же четке кагылган эмес. Бул жагдай коомчулукта ар кандай күмөн саноолорду күчөтүүдө. Мамлекеттик кызматтагы жогорку кызмат адамдары коом алдындагы жоопкерчилигин эске алып, өз дарегине айтылган суроолорго өз убагында так жана ачык жооп берүүгө тийиш.

Последние новости