www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы бийликтердин учурунда алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов таасирдүү фигура катары саналчу. Президенттерге түз кирип, кеңешип, саясий күч катары таанылып калган.

Маселен, 2010-жылы Шаки «Республика» аркылуу мандат алса, 2015-жылы Канатбек Исаев менен биргеликте «Кыргызстан» партиясын Жогорку Кеңешке өткөзгөн.

Былтыркы парламенттик шайлоодо да «Кыргызстан» үчүнчү орунга илингени эсибизде. А азыркы абалычы? Анчалык мартабасы көтөрүлбөй, «өгөй баладай» четке сүрүлгөнү эмнеден кабар берет?

Учурда Шаршенбек Абдыкеримов партияга сүрөөнчү болмок турсун, өзүнүн башын калкалап, качып жүргөнүн кабарлашты. Бизнес жаатында бир топ мыйзам бузуулары, салык жашырганы ыраспы? 6 миллиард сом «куспай» койдубу?

Негизи ал улам келген бийлик короосуна кире албай жүрүп, акыры жылчык таап кетчү эле. Бул саам кантет экен?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости