www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан» партиясы Шаки тарабынан СДПКнын клон партия катары 2015-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылы парламентке өтүп, мамлекеттеги эң үлкөн кызматтарга Шаки кожоюндук кылгансып, көз салып турду. Бир кездеги президент Атамбаевдин Кой-Таштагы хан-сарайын курууга да Шаки спонсор болуптур деп айтылат.

Канча миллионго спонсор болгону тактала элек. Бирок Атамбаев жыдып түшөөр менен Шаки кубулуп барып Жээнбековдун командасына кошулуп, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо алдында бийликтин чоорун созуп калган.

Быйыл Садыр Жапаров кол куушуруп келсе да кошпой койсо керек, алгач «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев бир мандаттуу округдан талапкер болду, анан Шаки өзү Салымбековдор менен күч сынашам деп, Ат-Башыдан опурулуп чыкты. Эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевди четке чыгарып, анын ордуна «Кыргызстан» партиясынын лидерлигине «Аюудагы» орунбасары Нурлан Абдыразаковду алып келди. Анын саясатта аты-жыты мурда болгон эмес.

Азыркы партияга көз жүгүртүп, «Анжиянда кызым бар, ал да менден шалаакы, Бухарада кызым бар, бу да менден шалаакы» дегендей эле. Башчылары акча дегенде оңкосунан кеткен бизнесмендер болсо, аягы эшик ырчы менен бүтөт. Нурлан Абдыразаковдун кошоматчылык талантка ээ экенин эч ким танбайт.

Канат Исаев экөө кыргызга чанда келүүчү таланттардан. Канат Исаев менен Шаки экөө жетелешип алып «Кыргызстан» менен парламентке келген. Канат Исаев эми эки жагын карап, кол шилтеп кете берди. Шаки болсо балга жабышкан аарыдай бийликти шап кармады. Жапаровдук бийликке деле бир «шут» керек болчу, көңүл ачаарда ырдатып, бийлетип койгонго.

Бул ролду так аткарган Шаки Жээнбековдор менен куда болом деп жулунуп жүрүп, түз эле достору вице-премьер-министрликке жеткенде топ этип учуп түшпөдүбү. Дагы бактысы бар экен - кийинкилерге куда болом деп жулунуп жүрүп, депутат болууга укук алды. Эй, кыргыздар, азыркы заманда кимдир бирөөгө куда болом деп жулунсаңар эле, катта папкени кучактайсыңар.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости