www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мыйзам иштей баштаганы үчүн элде таза шайлоо болот деген ишеним да пайда боло баштады», - деди бүгүн, 26-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан-агай, спикерлик кызматта турганына карабай Талант Мамытовду БШК талапкер катары каттабай койгону таза шайлоо өтөт дегенден кабар береби?
- Мен Талант Мамытовду анчалык деле билбейт экенмин. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдер менен бирге камалып, бир партиядан депутат болду деп уккам. Кийин Садыр Жапаров мамлекетти колго алган өткөөл мезгилде спикерлик кызматты аркалады.
Садыр Нургожоевичке жакшы эле иштеп берди. Президентке ушундай кызмат кылганына карабай, кызматын тапшырбаганы үчүн мыйзамга ылайык БШК каттоодон өткөрбөгөнү чын эле таза шайлоо өткөрүүгө чоң аракеттер башталганынан кабар берет.
Бул жерден президенттин айтканы аткарылып жатат десек болот. Президент: «Кимде-ким мыйзам бузса, бир тууганыма да карабай жазалайм», - деп айткан. Мыйзам бузулганы үчүн жакшы санаалашы, бир кездеги досун да күчкө салып каттаткан жок.
Ушул жол менен кетип, баарынан мыйзамды жогору койсок, тамырлап кеткен тууганчылыктан да арылабыз. Мыйзам иштей баштаганы үчүн элде таза шайлоо болот деген ишеним эми пайда боло баштады. Буюрса, соттор, тергөөчүлөр, күч органдары да мыйзам чегинде иштейт, ушуга жетсек жогорку жетишкендик болот эле. Бирок азырынча сот менен тергөөчүлөр президент күткөндөй иштей элек.
Булак: NazarNews.kg