www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-октябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине барып, башталгыч класстын окуучуларынын сабагына катышкан. Интернет колдонуучулар тактадагы топтун астына «мяч» деп жазуунун ордуна «мяк» деген сөз жазылганын талкуулашты. Айрымдары мугалим мындай жол менен окуучулардын орфографиялык билимин текшерет деген пикир айткан.
Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет: «Тактадагы жазуу атайын жазылган. Мугалим окуучулардын билим деңгээлин, мурдагы өткөн темаларды текшерүү үчүн атайылап ката жазган. Бул жерде окуучулар ката жазылган сөздү табыш керек болчу. Мунун максаты - окуучулар туура жазууну өздөштүрүү керек. Мугалим өз сабактарында мындай методиканы көп колдонот», — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg