www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул «Империя пиццы» тармагындагы уулануунун биринчи учуру эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова брифингде билдирди. Анын айтымында, бир жума мурун эки адам филиалдардын биринде суши жана булочка жеп, Темир жол ооруканасына кайрылган. «Алар жеңил формада ооруган, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук түрдө дарыланууга кеткен. Бир нече күндөн кийин экинчи учур катталды», - деди ал.

Ал кошумчалагандай, азыр себептери такталып, тесттин жыйынтыгы чыкканга чейин кафе түйүндөрүнүн бардык пункттары убактылуу жабылды. Ар кандай суммага беш протокол түзүлгөн. Кошумчалай кетсек, маалымат Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына жана прокуратурасына өткөрүп берилген.

Эске салсак, Бишкектин жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине «Империя пиццы» кафесинин тамак-ашына ууланып, жардам сурап кайрылгандардын саны 180 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги тамак-аштан массалык ууланууга байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистери республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшере турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости