www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-январда жалпы жыйында Жогорку Кеңештин депутат Нурлан Шакиев Украинадагы элчилигине Идрис Кадыркуловдун дайындалышына наарзычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 24-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок ага карабай президент Садыр Жапаров аны кызматка дайындады.

«Ушундай иш-аракеттериңер менен парламент менен президентти ыңгайсыз абалга кептеп жатасыңар. Анда мындан кийин бир дагы элчини алып келбегиле. Коомчулукта президент парламентти укпайт экен деген талкуулар болуп жатат. Тышкы иштер министрлигинин дагы жоопкерчилиги каралышы керек», — деди Шакиев.

Ал эми президенттин өкүлү бул маселе боюнча териштирүү жүрүп жатканын, экинчи мындай кайталанбай турганын убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости