www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет "Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” темасындагы форум өткөрүүдө.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Форумда сөз сүйлөгөн төрага Шакиев мезгил талаптарына ылайык акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү башкарууда, жарандарды тейлөө багытындагы мамлекеттик ишкана-мекемелерде, бизнесте санариптештирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп: “Мисалы санариптештирүү, билим берүүдө - электрондук окуу куралдарда, онлайн-курстарда, саламаттык сактоодо – медициналык анализдер жана алардын сакталышынын натыжалуулугун камсыз кылууда жана башка көптөгөн тармактарда колдонулууда”, - деди.

Муну менен катар төрага Жогорку Кеңешти санариптештирүүнүн негизги максаты иштин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жакшыртуу, ошондой эле ЖКнын иши менен байланышкан чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгын арттыруу болуп саналарын айтты.

“Жогорку Кеңеш боюнча айта турган болсок; Жогорку Кеңеште документтерди жүгүртүүнүн электрондук системасы 2012-жылы иштелип чыгып, улам жаңылануу, жакшыртуулар менен иштеп келет. Документтер санариптик түрдө берилишинин аркасында система документтерди жүгүртүүнү алда канча натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет”, - деген Шакиев Жогорку Кеңештин веб-порталынын ишине кеңири токтолду.

Ошондой эле төрага санариптештирүү багытында Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан иштердин катарында үстүбүздөгү жылдын февраль айында ЖКнын Төрагасы баштаган парламенттик делегациянын Корея Республикасына болгон расмий сапарында КРнын Жогорку Кеңеши менен КОICA жетекчилеринин 2023-2027-жылдарга жалпы суммасы 8,4 млн АКШ долларын түзгөн “КР ЖК санариптештирүүнү талкуу Протоколуна” расмий кол коюлганын маалымдады.

Мындан тышкары төрага Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун ишинде оң жылыштар бар экенин белгилеп, аймактык борборлордун ишин жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады. “21-кылымда кызмат алуучулардын, кардарлардын эң маанилүү талаптарынын бири – бул ыкчам жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды алуу”, - деди ал.

Сөзүнүн соңунда өткөрүлүп жаткан форумда бир катар кызыктуу ой-пикирлер айтылып, алгылыктуу сунуштар түшөөрүнө ишеним арткан төрага: “Бүгүнкү иш-чаранын максаты - жарандарыбыздын жашоо шарттарын жакшыртууга, мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган пайдалуу сунуштарды алып, аларды мыйзамдарды өркүндөтүү максатында колдонуу”, - деп жыйынтыктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости