www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңештин бюджет боюнча комитетинде кечээ күнү Салык кодексине кошумча киргизүү маселеси талкууланганда, экономика министри Данияр Амангелдиев – электрондук сигаретке салынган акциз салыгы көтөрүлбөйт деп билдирди.

Азыр ар бир миң электрондук сигаретке 2 миң сом акциз салынат, бул кадимки сигареттин акцизинен болгону 250 гана сомго аз. Буга чейин тамекинин бардык түрүнө, анын ичинде электрондук сигаретке дагы, акциз салыгын көтөрүү сунушталган. Экономисттер, алар ичинде Эл аралык ишкер кеңешинин төрагасы Аскар Садыков дагы салык менен акциздин көтөрүлүшүн терс баалайт, анткени андан контрабанда өсүп кетет имиш.

Бирок тамекиден адамга эч кандай пайда жок, пайданы тамеки чыгарган компаниялар менен алардан салык чогулткан мамлекет гана табат. Биз жол кырсыктарынын санын азайтууга аракеттенебиз, анткени жыл сайын Кыргызстан жолдорунда бир миңге жакын адам каза табат. Бирок тамеки менен байланышкан оорулардан өлкөдө жыл сайын 6 миң адам өлөт.

Последние новости