www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 2021-жылы кыргызстандык келини Аят Адсызды өлтүргөн 67 жаштагы Фехми Адсыз өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Демирөрен» маалымат агенттиги 14-мартта жазды.

Маалым болгондой, Аят Адсыз Толгахан Атсыз аттуу түркиялык жаранга турмушка чыгып, күйөсүнүн ата-энеси менен бирге жашаган. Аят Адсыз эки баланын апасы болгон.

Баланын ата-энеси уулунун Аят Адсыз менен турмуш курушуна каршы болгондуктан, кайната менен келиндин мамилеси анча жакшы болбой, маал-маалы менен талаш-тартыш чыгып турган.

2021-жылдын 11-октябрында, уулу жумушта жана жубайы менен чоң небереси сыртта жүргөн учурда, Фехми Адсыз менен Аят Адсыздын ортосунда талаш-тартыш чыккан. Кайнатасы ачуусу менен келинин бычактап өлтүргөн. Анын денесинен 16 бычак изи табылган.

Фехми Адсыздын айтымында, ал кылмышты жашыруу үчүн сөөктү жиликтеп, сыртка чыгарып, сууга же токойго ыргытууну пландаган. Алгач колу-бутун араа менен кесип, таштанды салган баштыкка салып, автоунаасынын багажына салып койгон. Андан кийин үйүнө келип, кан болуп калган кийимдерин алмаштырган. Маркумдун денесинин калган бөлүгүн баштыкка салып, чыгарардын алдында үйгө жубайы менен небереси келип калган. Жубайы канды көргөндөн кийин, ага келинин өлтүргөнүн айткан. Жубайы кошуналарына барып, болгон окуяны айтып берген. Кошуналары полиция чакырган.

Андан соң полиция келип, Фехми Адсызды кармап кеткен.

Бул үрөй учурган окуя Түркиянын Текирдаг аймагынын Черкезкөй районунда болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости