www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Башкы прокуратурага Бишкек шаардык милициясынан кылмыш иштин ичинен Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.

«Материалдарга ылайык, 12-мартта саат 01:46 чамасында коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Ж. жана А.А. уулу чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн «Золотой Дракон» ресторанына барганда, аларды Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баш болгон мас абалындагы (болжол менен) 7-8 адам эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Белиглүү болгондой, буга чейин кылмыш иши боюнча А. Д. жана П.Э. аттуу жарандар кармалышкан.

«Кыргыстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Жогорку депутатына кылмыш иш козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

Ошондуктан, Башкы прокуратура Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости