www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Жалал-Абад облусунун Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземинде билдирди.

Ал билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, акыркы жылдары 200дөн ашык мектеп пайдаланууга берилгенин айткан.

«Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул албетте чек эмес, дагы көп иштер жасалат. Анткени агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мектепке мыкты мугалимдерди тартып, билим берүүнүн сапатын көтөрө алабыз», — деди.

 

Источник: NazarNews.kg

Последние новости