www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда өткөн түрк дүйнөсүнүн "Коркут Ата" кинофестивалында "Шамбала" тасмасынын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков мыкты режиссёр наамын алды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы кабарлады.

Эл аралык кинофестиваль 8-12-ноябрда өтүп, анда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Венгрия, Украина жана башка өлкөлөрдүн кинолору көрсөтүлгөн.

Фестивалдын алкагында кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар, талкуулар, ошондой эле "Айтматов жана кино" тегерек столу өткөн. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактап келе жаткан балдары Ширин менен Элдар Айтматовго ардактуу сыйлык берилген.

"Кыргызфильм" улуттук киностудиясы "Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" ардактуу сыйлыкка татыган.

"Шамбала" фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган. Тасма бир катар фестивалдарга катышып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости