www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамендин замандашы Сарыбагыштын Орозбакты деген уулунан төрөлгөн Балбай баатыр жөнүндө өзүнчө кеп. Балбай баатыр Ормондун жылкысына тийем деп барып, ал жерден колго түшүп, туткундалып зынданда жатат. Балбай баатыр колго түшкөндө, бир байбиче “Сен Балбай баатырсың?”, – десе, “Жок”, – дейт. “Эгер Балбай баатыр болсоң кулагыңды кесем”, – деп, кулагын да кестирип жиберет. Балбай баатыр Ормондун колунда кыйла узакка жүрүп калат. Ошондо сарбагыштын бир тутуму бугулардын айласы кетип ары ойлонуп, бери ойлонуп, аны куткарганга дөөлөс тукумунан Сарт акеден башка эч ким Ормон ханга батына албасын, Балбай баатырды бошотуунун жолун таба албасын түшүнүшөт. Анын үстүнө Сарт акенин кадыры Ормон ханга сиңген. Алар нечен жыйындарда бирге болушкан дешип, Сарт акени Ормон ханга жөнөтүшөт. Түбү Дөөлөс көлдүк Сарт аке бул сунушка макул болуп, бугу элинен бир тың жигитти гана алып, Ормондорду көздөй аттанат.
Сарт аке жалгыз жигити менен Ормон хандын ордосуна келет. Келген меймандын ким экенин билген соң, Ормон аларды конок үйүнө киргизет да кара жаак чечен Шаменге көз салдырып, сый тамактарын жибертип,бир апта үстүлөрүнө кирбей койот. Анткени, Шамен аркылуу келгендердин максаты эмне экенин билет. Бир жума өткөн соң эртең менен Шаменжигиттерин жиберип: “Ормон хан бүгүн келип жолугат”, –дейт.
Бир жума тоготпой конок үйгө камаганга, адам келдиби, ит келдиби деп хандын кабар албаганына Сарт аке да кабатыр болуп чыйралып отурат, ал жигитине кайрылып: “Сен мурда Ормонду көрдүң беле?”, – деп сурайт. “Жок, хандын кабарын угам, өзүн көргөн эмесмин”, – дейт жигити. Анда Сарт аке: “Ормон өтө сүрдүү киши. Анын үстүнө хан атагы бар. Жигиттерине эшик ачтырып кирип келгенде салам айтат. Салт боюнча эшиктен кирип келген адам хандыгына карабай салам айтышы керек. Биз болсо мейманбыз, төрдө отурган ордуңду бошотуп бербе. Салам айтып кирип келгенде, отурган ордуңдан тура калып алик алба. Былк этпей отуруп, жайынча отуруп гана алик ал”, – дейт.
Бир оокумда бир жигитине бир чара кымыз, бир жигитине суу жоолук менен чайнегин, бирөөнө бир чара эт көтөртүп, Ормон хан Шаменди ээрчитип келип калат. Коштоп келаткан эки жигити боз үйдүн эшигин эки жагына бийик көтөрүп ачат. Босогону эңкейип аттаган Ормон башын көтөрүп, Сарт акеге салам айтканда, баягы убада берген жигит, чынында эле хандын айбаттуу сүрүнөн чоочуп, ордунан лып ыргып турат да, кайра айткан убадасын эстеп ордуна отура калат. Ормон болсо чөгөлөп, ак өргөөнүн оң капшытына отурат. Андан кийин Шамен жай алат. Хандын чөгөлөп отурушу, анын көпкө байыр албай тургандыгынан, чечилип сөз сүйлөшүүгө кыртышы тартпай турганын сездирет. Саламдашып бир аз даам таткан соң Ормон хан:
- Жол болсун, Сарт баатырым. Чолом тийбей, иш көп болуп, кол бошобой бир аз күттүрүп койдум окшойт. Эмне иш менен келдиңиз эле?, - дейт.
Бир жума жатканына ызаланып турган Сарт аке оң колун оң тизесине таяп:
- Ат баспаган алакандай Көйкапта өлчөлүү суур бар деп аркада капыр жутунат дейт. Ошол сыяктуу, Көл башында алакандай жерде чамалуу сиздин бугу элиңиз бар...- деп сөз баштап аягына чыга электе Ормон хан эки санын эки колу менен мыжыга кармап, жигиттерине тарт эшикти деп, кош айтышпай, ызаланып чыгып кетет.
Ормон хандын артынан чыккан Шамен ордосуна келгенде: “Олда ханым ай ээ! Бекер кылдыңыз. Сарт аке акыйкатты тартынбай түз сүйлөгөн адам эмеспи, шашпай аягына чейин уксаңыз болмок. Баатырдыгыңызга салып сөз укпай чапчаңдык кылып койдуңуз окшойт”, – деп өкүнүчүн билдирет. Ормон хандын дагы эле ызасы тарабай, мени капырга салыштырат, андан бир өч алайын деп дагы бир жума үстүнө кирбей койот.
Жетинчи күн болгондо, эки кысыр бээнин сүтүн ээмп чоңойгон семиз тай сойдуруп, учасын бир табакка, аттуу-баштуу устукандары менен ич этин өзүнчө табактарга жигиттерине көтөртүп, эт кесип жей турган бычактарды берип Шаменге:
- Сен Сарттан көз айырбай жакшы карап отур. Анын өткөндө капыр деп айтканы менин жумурумдун учунда турат. Түшүнүп тургандырсың, мен бул сый тамакты бир сыр менен жөнөтүп жатам. Эгерде Сарт бычакты колуна алып, кыя кесип жесе да башын алам, бычаксыз эле эзиле бышкан учадан үзүп жесе да өлтүрөм. Сен анын бардык жосунун, кыймыл-аракетин байкап, мага төкпөй - чачпай айтып келесиң.- деп жөнөтөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ