www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн ак жүрөк көрсөтүп, элдин баарын иликтегич болгон түрү суук Али Токтакуновду ким иликтейт? Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Өзүн ак жүрөк көрсөтүп, элдин баарын иликтегич болгон түрү суук Али Токтакуновду ким иликтейт?

2017-жылы Атамбаев бийликтен кетип, ал эми анан мураскору аталып бийликке келген Жээнбеков Атамбаевдин чыйып берген сызыгында жүрбөй: «сендей ууру досту урдум» деп, калың кыргыз элин тандап кеткен күндөн баштап Али Токтакуновдун как журналист катары кылган иши, аткарган жумушу Раимбек Матраимовду каралоо, элге жаман көрсөтүү, Атамбаев даярдап берген жугундуну Раимбектин, а түгүл анын жакындарынын, үй бүлөсүнүн башынан ылдый куйуу менен болду. Башка бир да иш кылган жок.

Анын эки жылын: Кыргызстанда демократия жок, кыргыз эли батыштын буйругуна баш ийбейт деп бизди жамандап, өмүрүн Прагада өткөрдү.

Анан суроо туулат, кайдан жүрүп шаардан заңгыраган үй, мингенине шуулдаган джип машина алды?

Атамбаевдин шофер консулу Сопоковдун көрсөтмөсү боюнча Али Саймаитиден да 100миң доллар алган.

Мына эми Атамбаевден да ошончо сумма алганы ачыкка чыкты. Үч жыл бою Матрвимовдорду жөн эле жаман аты кылган жок да.

Эмне үчүн Али Токтакуновду жоопко тартышпайт? Эмне, Токтакунов да Бабановдой болуп кол тийгизгенге мүмкүн болбогон музейдеги экспонаттардын катарына киреби? Экспонаттар көбөйүп кетпедиби? Бабанов, Сариев, Абылгазиев, Сапар, Албек.

Ал эми баардык балакетке Асылбек Жээнбеков жалгыз күнөөлүдөй болуп калып жатпайбы? Бул трайбализм эмей эмне? Кудайды карап иш кылгыла, бай болгурлар», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости