www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Россиядагы жараны Шамурза Бөрүкулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Кайрылуу жасады.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сиз өлкөдө президенттен кийинки эле адамсыз, анын үстүнө түштүктүн кулунусуз. Түштүктүн бешиктеги баласынан, жайкалган ак сакалдуу токсондогу аксакалдарына чейин сизди ЭЛДИК БААТЫР дешип, сиз менен сыймыктанып жүрөбүз. 2010-жылдагы сиздин элиңиз үчүн жасаган баатырдыктарыңыз ар бир жараандардын жүрөгүндө түбөлүк сакталып калган.
7-апрелде ак үйдү өрттөп, шаарды талкалап, мародерлук кылышкан баардык баатыр сөрөйлөр биригишип, сиздин тырмагыңызга да арзышпайт. Өлкөдө болуп жаткан мындай акыйкатсыздыкка чыдап тура албай, сизге кайрылууга туура келди.
Мамлекеттик бангизаттар менен күрөшүү мекемесинин алдындагы стенде илинип турган Жаныш Бакиевдин сүрөтүн, Азаттык жана Апрель каналдарынын бир эки эл бузар журналистеринин айгай салып койгонудугу үчүн алып салышты. Чындыгында ал мекеменин жанына эл деле барышпайт, көпчүлүк калк ал сүрөттөрдү көрүшпөйт деле болчу.
Ал эми кылмыштары башынан ашып, урпактарына чейин жетип арта турган түрмөдө жаткан Атамбаевдин сүрөтү, бүткүл борбор шаардын эли көрө турган жерде бакыйып илинип турганы кандай? Кылмышкер деп камаганыбыз кандай да, анын сүрөтүн дүйнө жүзү көрө тургандай кылып даңазалап пешенебизге илип алганыбын эмне болду? Коңшу колоңдор эмне дейт?
Эң башкысы, эмне үчүн мындай акыйкатсыздыктарга жол коюлуп жатат. Акаевдин келип кеткени, Бакиевдин келбей жатканы, Бабанов, Сариевдердин боштондукта жүрүшү, ал эми Асылбек Жээнбековдун абакта олтурушу.
5-октябрда Атамбаевдин колтугуна кирип алган Казапаевдин чоң кызматты минип олтурушу, түштүк эли сыйлаган, өлкөдөгү күчтүү саясатчы, өтө сабаттуу адам Келдибеков сыртта калганы, бир сонун иштеп жаткан Мариповдун кызматтан кетиши, ал эми 30 жылдагы баардык президенттердин тилин тапкан, ажолор жаман, ал эми ал аппак болуп чыгып кеткен, отко күйбөс, сууга чөкпөй Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетин башкарып жатканы, Улукбек Кочкоров, Мырзакматов, Сарыбашев сыяктуу түштүктүн лидерлери элдин эсинен чынып, каяктагы сымап сымал Жапыкеев, маскарапоз Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин көлөкөсү Каныбек Иманалиевдер кызматта жүрүшкөнү биз үчүн таң калыштуу. Баарынан да Бакиевдин сүрөтүн тарых музейинен алып салгыла деген жугундукорлордун бийликке болгон талабы бизди тынчсыздандырып жатат. Эл тандап, жактырып шайлаган элдик бийликтин өз элине кылган акыйкат башкаруусу ушулбу?Сизге жагабы, жакпайбы билбейм, бирок элдин көзүнө оркоюп көрүнүп калган ушул маселеге көңүл бөлүп койсоңуз, - деп айтылат Кайрылууда.
Булак: NazarNews.kg