www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия учурундагы өлүм-житимге да Жээнбековду күнөөлөп жатышат. Бир да адам, ошол маалдагы аткаруу бийлигин башкарып турган тылтыйган өкмөт Абылгазиевдин атын айтпайт. Абылгазиев түздөн түз күнөөлүү экенин ким танат? Ага караганда Райымбек Матраимов жүз эсе чоң иштерди жасады. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Биз кыргыздар акыйкат сүйлөп өлгөнгө качан үйрөнөбүз?

ЖЭБди куруткандар Атамбаев менен Сапар Исаков экенин баарыбыз билебиз. Эми социалдыктармакты ачсаң эле, жугундукорлор ТЭЦтеги уурулукту Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорго жабыштырып, а турсун жоопко тартууну талап кылып жатышат. Кытай менен келишимди Сапар түзсө, баардык нерсе Атамбаевдин командасы менен ишке ашса, анан кайдан жүрүп Жээнбековдор бул жерге аралашып калат? Атамбаев болсо эле, акча маселесине келгенде Сооронбай Жээнбековду шерик кылып да болуптур. Мындайга жинди болгон гана адам ишенет.

Ошондой эле, коронавирус учурундагы өлүм-житимге да Жээнбековду күнөөлөп жатышат. Бир адам, ошол маалдагы аткаруу бийлигин башкарып турган тылтыйган өкмөт Абылгазиевдин атын айтпайт. Абылгазиев түздөн түз күнөөлүү экенин ким танат? Эч бир иш кылбай тылтыйып олтуруп албадыбы. Ага караганда Райымбек Матраимов жүз эсе чоң иштерди жасады. Райымбек Матраимов болбогондо, өлүктөр мындан эки-үч эсеге көп болмок. Муну эч ким айткысы, билгиси келбейт.

Былжырап калган гени бузук трайбалистер! Оң кулак, сол кулагыңар менен угуп, мээңерге түйүп алгыла: ТЭЦ үчүн Атамбаев менен Сапар күнөөлүү, бул - далил керек эмес болгон аксиома деп түшүнүп алгыла. Ал эми коронавируска Абылгазиев күнөөлүү. Жээнбеков башка мамлекеттерден мурда өлкөгө карантин, өзгөчө абалды киргизип чоң иш жасаган. Ага рахмат гана айтышыбыз керек. Ал эми Райымбекти башыбызга көтөрүп, керек болсо премьер-министрлик кызматты дал ушул азаматка берүү керек, «потому что он заслужил», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости