www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлгүсү келген жаман эчки койчунун таягына сүйкөнөт болуп, Орустарга ар жактама түр көрсөтөбүз деп жүрүшүп, акыры кыргыздарды Кытайга кул кылып беришпесе болду.

Луганск менен Донецкидеги болуп жаткан окуяларды Азамат Жамангулов жашырган менен, интернеттен бүт көрүп эле жатпайбызбы.

Эмне болду, Украинага ыктаймын дешкендери үчүн, биздин бийликтегилерге Зеленский орден алып келип, моюндарына салаңдатып илип койдубу?

Орустардын Украинага жасаган согушу, бул орустардын айласы кеткендеги акыркы аракети болуп жатканын, эгер Украина менен Америкага тим койсо, НАТОнун аскерин, атомный бомбаларын орустардын тумшугунун түбүнө жайгаштырып аларын биздин көк мээлер түшүнбөйбү?

Америкада эч качан согуш болбогонун, ошондуктан америкалыктар согуш деген сөздү балдардын оюнундай көрүшүн, дүйнөнүн ар жерине согуш, жарылуу, кыйроолорду баштап коюп, дал ошонун эсебинен байып, дүркүрөп өсүп, өздөрүн дүйнө элинин үстүнөн башкаруучу, башка өлкөнүн элдерине кандай жашашты диктовать этүүчү күч катары сезишин биздикилер билишпейби?

Американын башкаларга таңуулаган, үйрөткөн демократиясы ушулбу?

Орустарды колдобой койгонубуз, ошол америкалыктарды жана фашистик Украинаны колдогонубуз болуп жатпайбы.

Улуу Ата Мекендик согушта Украина, Польша окшогон фашистик өлкөлөрдү немецтик баскынчылардан бошотобуз дешип, биздин канчалаган ата-аваларыбыз ошол жактарда калып кетишти эле. Украиндик фашистер ошолордун элесине деп тургузулган эстеликтерди кыйратып, биздин көзү тирүү эмес аталарыбыздын үстүнө чаптырышып жатышпайбы.

Ушул жөнүндө биздин бийлик ойлоп койсо болмок. Орусия менен жетимиш жыл жашап, тоолук жапайы кыргыздардан, азыркыдай эч кимге сөз бербеген жоон моюн көпкөн элге айланганыбыз жалганбы?

Орустардан эмне жамандык көрдүк? Жетимиш жыл бирге жашап, тоолорубузду бузушуп, алтыныбызды казып ташыган эмес эле. Мына эми, өзүбүздүн жуткучтарды 30жылдан бери тойгуза албай жатабыз.

Жакшылыкка жамандык деп ушуну айтат.

Нан тепкилик аракетибиздин азабын, акыры келип карапайым чор тамандар тартып калат.

Азамат Жамангулов окшогон бийликтегилердин балдары мигрант деген эмне экенин, сүт кайдан чыгат, дан кантип өндүрүлөт билишпейт. Мүмкүн батыш жактарда билим алышат болуш керек? Ошон үчүн батышка кошулушуп, оруска далысын салып жатышат да, мигранттардын тагдырын ойлошпой.

Бүткүл алты миллион элден, өздөрүнүн выродоктору жогору туруп калып жатпайбы. Ушуларды биз элдин жүгүн көтөрүшөт деп аңырайып карап олтурабыз.

Акылы кем адамдар-өз элине келген балее болот дегени ушул болсо керек?

Тажик бастырып киргенде кирерге ийин таппай калдык го, эми Орусияга карап үрөбүздү уялбай.

Көйнөгү кырк жерден жамак, кызынын аты Мөөркан дал эле биз болдук.

Украиналык энеңердин эри болсо да токтоткула, көзүңөрдү ачкыла. Бизге ким коюптур, асманды карап кайкалактап басышты. Биз жерди карап, кадамыбызды санап баса турган тайпага киребиз, акылы кем Кемчонтойлор!

Шамурза Бөрүкулов. 2022ж.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости