www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта Орусия менен Украинанын ортосундагы аракеттерден улам коомчулукта ар кандай пикир тарап, "Орусияда кыргыздын мигранттарын аскерге чакырып жатат" - деген маалыматтар жайылган. Интернет тармагында чакырык таштаган жигиттердин бирине Орусиядан Шамырза Бөрүкулов аттуу жаран жооп кайтарды.

"Көрүнүшүнөн тоону томкоро турган зоңкуйган жигиттин, ушакчы аялдар баштанып эл ичине паника салып жатканына эмне десе болот? 
"Орусиядан бизге кабар келди" дейт. 
Биринчиден: сен кимсиң, сага Орусиядан жаңылыктарды жөнөтүп тургандай? Кудайга шүгүр, интернеттен Орусия болгонун болгондой кылып, тиги украиндер, европалык бузукулар окшоп, жалгандарды  кошпой жаңылыктарды күнү-түнү берип жатат. 
Экинчиден: өлкөгө военный положениени сырттан душман бастырып келгенде киргизет. Кудай сактасын, азырынча андай сөз жок. 
Үчүнчүдөн: бул адамдын сабаты жок неме окшойт. "Орус жарандыгы барлар повестка алып келсе албай, кол койбой койгула", - деп кантип уялбай айтып олтурат? 
Эгер эртең биздин өлкөгө душман бастырып келип, балдарга согушка чакырган повестка берсе албай, военкоматка барбай бекинип калыш керекпи? Бул деген дизертирство, саткындык, коркоктук, мекенди коргоодон баш тарткандык болуп калбайбы? 
Орусиянын жарандыгын алган балдар Орусияны кың дебестен коргош керек да. 
Кыргызстанга качышка аракет кылгыла деп коет. Эмне, Кыргызстан коркоктор качып келе турган мекенби?
Эркектерге жараша турган сөз сүйлөп жүрүшсө го, жигит атпайлар. 
Орусияда азырынча жалаң офицерлер, контрактниктер, доброволцы, кыскасы согуштан опыты барлар согушуп жатышат. 
Путин жөнөкөй солдаттарын да согушка жиберген жок. Автомат көрбөгөн мигранттарды жөнөтүп жинди болгон эмес. 
Паника көтөрүп кыргыз элин орустарга жек көрсөтпөй тынч олтургула. Орустан жамандык көрө элекпиз.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости