www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов мектеп окуучуларын билимге кызыктырган баяндама жасады. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жазып чыкты. 

Маалыматта, Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебиндеги окуучулар менен жолугушуп “адеп ахлак”, “илимге болгон умтулуу”, “улууну сыйлоо”, "ата-энени урматтоо" темаларын камтыган “Келечек ыймандуу жаштардын колунда” аттуу баяндама жасаган. 

Жолугушууга мектеп жетекчилери, мугалимдер катышып, окуучулар үчүн мындай жолугушуулардын маанилүү жана керек экендигин билдиришти. Ал эми мектеп окуучулары өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышып, иш-чара пайдалуу болгонун баса белгилешти.

“Баткен облустук мусулмандарынын казыяты облустук билим берүү бөлүмү жана райондук администрациялардын уруксаты менен мектеп окуучуларына тарбия жана адеп-ахлакты камтыган баяндамаларды жасап келет.

Албетте бул дагы жетишсиз. Казыят кызматкерлери келечек муундарга туура жолду көрсөтүп, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууда жана мектеп окуучулары арасындагы зордук-зомбулукту болтурбоо максатында тарбиялык насааттарын шарияттын алкагында айтып келебиз”, - деген Сайдахмад ажы Аппазов.

Эске сала кетсек, буга чейин 1-майда Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, кызматташууну талкуулашкан. 

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, окуучулар үчүн ыйман, адеп-ахлак, билим алуунун зарылдыгы, өз өмүрүнө кол салуунун жана талап-тоноочулуктун шарияттагы орду боюнча түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү керектигин макулдашкан.

Муну менен катар баш имам-хатиб ыйык Рамазан айы менен куттуктап, “Азирети Пайгамбар с.а.в. кантип тарбиялаган”, “Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. тарбия берүүдөгү бал тамган тили”, “Таалим-тарбиядагы 101 кадам” аттуу китептерди белек кылган.

Ушундай эле жолугушуу мектеп жетекчилери менен уюштурулуп, Тоң районунун баш имам-хатиби келечек муундарга туура жолду көрсөтүү жана алардын ыйманын, адебин жана жүрүм-турумун жакшыртуу учурдагы зарыл маселе экендигин баса белгилеген.

Бул көрүнүш светтик мамлекет Кыргызстан үчүн кооптуубу же коопсузбу окурман өзү чечет. КРнын Билим Берүү министри мектептеги маселеге мээси жетпесе эмне кылып олтурат? УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев менен КР президенти Садыр Жапаров бул көрүнүштүн алдын албаса мамлекеттин абалы чоң суроону жаратат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости