www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, кар көчкү түшүү кооптуулугун эскертти. Маалыматка ылайык, 5-9-март күндөрү абанын күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт.

Төмөнкү жолдордо кооптуулук бар:

Бишкек — Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;

Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда;

Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында;Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымдары;

Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымдары;

Казарман — Ак-Тал-Чат жолунун Ийри-Суу тилкеси, Кара-Көө ашуусу;

Ошондой эле, жолдорго муз тоңуп, тайгак болоору эскертилди. Мындан улам ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости