www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев кайрадан президент болобу?

Өзбекстандын учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев кийинки мөөнөткө да талапкерлигин койду. Бул тууралуу Өзбекстан басылмалары маалымдады.

Өзбекстан Либерал-демократиялык партиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда күздө боло турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү маселеси каралган. Партиянын саясий кеңеши Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун сунушу менен учурдагы президент Шавхат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алышкан.

Президенттикке талапкерлигин Мирзиёевден башка да Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Максуда Варисова, Улуттук кайра жаралуу партиясынан Алишер Кадыров, Экология партиясынан Нарзулла Обломуродов жана «Адилет» партиясынан Бахром Абдухалимов коюшту.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Ал эми талапкерлердин үгүт иштери 23-июлда башталат.

Шавкат Мирзиёев кызматка 2016-жылы мурдагы президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости