www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайты жарыяланды.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын айтты.
«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Элибиздин мындан аркы ынтымагы дагы бекемдеп, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм», — деди өзбек лидери.
Өз кезегинде Садыр Жапаров өзбекстандык кесиптешине коронавирус менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасы тандалган референдум өттү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg