www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет.
Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.
Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу мерчемделген.
Өзбекстандын Президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.