www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында эки эс алуучунун өлүмүнө алып келген кырсык боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Байкоосуздуктан эки адамдын өлүмүнө алып келген кайыктын (скутердин) штурманы райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов брифинг учурунда билдирди.

Чолпон-Атада 23-июлда “таблетка” аттракциону менен кеменин кагылышынан үч эс алуучу жабыркаган. Ооруканага эки кыз жана бир бала жаткырылган. 24-июль күнү ооруканада 2000-жылы туулган жигит жана 2004-жылы туулган кыздардын бири каза болгон.

Исмаилов 2002-жылы туулган экинчи кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.

Анын айтымында, 16 жаштагы жигит үйлөтүлүүчү шар ("таблетка" аттракциону) менен тартылган кайыкты айдап бара жаткан. Ал тергөө кызматына чакырылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Исмаиловдун айтымында, мындай фактылар мурда катталган эмес, бул биринчи факт.

Ал эми, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы эки адамдын өмүрүн алган кайыктын (скутердин) башкаруучусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

«КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси («Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан кайыктын башкаруучусу - Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну сот тарабынан баш коргоо чарасы көрүлгөнгө чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды», - деп билдиришти РИИБден.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости