www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курултай – бул эл менен бийликтин түз диалогу. Бул тууралуу мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Акаевдин убагында дагы күчүндө турган Жобо болгон – бул жер-жерлерде курултайларды өткөрүү. Бирок анын тушунда курултай өткөн жок. Курултай өткөрүү аракети Бакиевдин убагында да болгон.

«Акаевдин тушунда курултай элдик болуунун ордуна «дежур» делегаттар менен толтурулуп, курултайдын чыныгы маңызынан түп-тамырынан айырмаланып турган. Арадан 30 жыл өткөн соң, азыр биз Улуттук Курултай өткөрүү алдында турабыз, анда бардык делегаттар ачык-айкын тандалып, күн тартиби актуалдуу. Депутаттар өздөрү деле көп жагынан курултай деген эмне экенин толук түшүнүшпөйт. Курултай жөнүндөгү мыйзамга тынбай бут тосуп жатканын эске алганда, алар өздөрү курултайдын маңызын чындап эле билбегендей таасир калтырат. Курултай – бул эл менен бийликтин түз диалогу. Бийликтин аткарылып жаткан иштери боюнча отчетун эл түз угушу керек. Бул процесстин маанилүүлүгүн түшүнгөн президент Садыр Жапаров өз укугунан пайдаланып, жарлыгы менен курултайдын датасын белгиледи. Эми ага катышып, өз оюн айтууну каалагандар көп. Коом менен бийликтин мындай ачык диалогу бийликтин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн эффективдүү куралы болуп, бизди ар кандай саясий толкундоолордон сактап калат деп ишенем», - деп белгиледи Шерадил Бактыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости